• Воспитательная и социальная работа

Воспитательная и социальная работа

2023-жылдын 18-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кой-ташта жайгашкан 73809 аскер бөлүгү тарабынан уюштурулган ачык эшик күнүнө дене тарбия жана АЧД предметтеринин мугалими Абдылдаев Кубатбектин жетекчилигинде факультетибиздин студенттери катышып келишти. Аскер бөлүгү тарабынан уюштурулган спорттук мелдештерде экинчи орунду багынтышты. Куттуктайбыз!
ДИНИЙ БИЛИМ БЕРГЕН МЕКЕМЕЛЕР АРАЛЫК СПОРТТУК МЕЛДЕШ Үстүбүздөгү жылдын 6-май күнү Арашан гуманитардык институту жана Арашан медресеси тарабынан уюштурулган Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний мекемелер жана окуу жайлар аралык спорттук мелдеш болуп өттү. Натыйжада: Футбол боюнча (устаздар): 1-орун "Көлмө" медресеси 2-орун "Асыл кенч" фонду 3-орун "КИУ фонд" Футбол (студенттер): 1-орун "Көлмө" медресеси 2-орун "Ибн Аббас" медресеси 3-орун "Арчалы" медресеси Волейбол боюнча (устаздар): 1-орун "Азирети Осмон" медресеси 2-орун "Асыл кенч" фонду 3-орун "КМДБ" (Муфтият) командасы Волейбол (студенттер): 1-орун "Кутайба бин Муслим" медресеси 2-орун "АГИ Дин таануу" факультети 3-орун "Ильшат" медресеси
Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган Жогорку окуу жайларынын теология факультеттеринин студенттери арасында "Билим жарышы" сынагы
2022-жылдын 12-декабрында И. Арабаев атындагы КМУда "Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган Жогорку окуу жайларынын теология факультеттеринин студенттери арасында "Билим жарышы" сынагы" уюштурулду. Жалпы 5 команда катышкан бул сынакта биздин студенттер 2-орунду ээлешти. Куттуктайбыз!
Мекенге кызмат кылуу - ыйык милдет!
2022-жылдын 22-ноябрында институтубуздун окутуучуларына жана студенттерине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 73809 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, майор Сатымкулов Арсланбек Жеңишбекович "Мекенге кызмат кылуу - ыйык милдет!" деген темада семинар өттү. Семинар биз үчүн өтө пайдалуу жана кызыктуу болду. Суроо-жооп жана талкуу түрүндө өткөн семинардын натыйжасында студенттерибиз аскерлердин жашоосу жана мекенге кызматы тууралуу жакындан тааныша алышты. Ошондой эле мекенге болгон сүйүү жана кызмат кылуу сезимдерин дагы бир жолу ойготуп, бекемдеп алышты деген ойдобуз. Семинардын аягында факультетибиздин деканы доцент, М.Г. Жусупов, майор Арсланбек Жеңишбековичке терең ыраазычылык билдирип, эмгек жамааттын атынан белек тапшырды.
ТААЛИМ-ТАРБИЯНЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ
2024-жылдын 11-декабрь күнү (саат 10:30да) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, педагог Мадаминов Гапыр Маматкулович, Арашан гуманитардык институтунун жалпы жамааты менен жолугушат. Жолугушууда төмөнкү темалардын негизинде семинар уюштурулат: 1. Илим-билим алууга шыктандыруу, кесип ээси болуу жана өнөр үйрөнүү. 2. Өзүн-өзү алып жүрүү жана таалим-тарбиянын баалуулугу. 3. Ата-эне жана мугалимдерди урматтоо. 4. Китеп окуу, дүйнө таанымды өстүрүү жана акылмандыкты сүйүү. 5. Убакытты туура пайдалануу.
19.12.2024 күнү Арашан гуманитардык институтунун студенттеринин или-билимин, ой-жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын жана адеп-ахлагын көтөрүү максатында студенттер арасында "ТЕОЛОГИКА" интеллектуалдык акыл-таймашы болуп өттү. Таймаштын натыйжасында даражага илешкен командалар:
1-орун: Рисалаи Нур,
2-орун: Асхабул илм,
3-орун: Феникс,
4-орун: Уникалдуулар,
5-орун: Керээз.
Акыл таймашын уюштурууда материалдык жана моралдык колдоо көрсөткөн окутуучуларга, өлкөбүздө жана чет өлкөдө иштеп жаткан бүтүрүүчү агаларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.