2023-2024-окуу жылындаАГИге келген делегациялар конок-лекторлор жана уюштурулган онлайн лекциялар, өткөрүлгөн эл аралык деңгээлдеги негизги иш-чаралар боюнча маалымат.
1.26.09.2023. "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Мухаммед уулу Зикруллах АГИнин студенттери үчүн "Мусулман адам кандай болуусу керек?" деген темада семинар өттү.
2.03.10.2023. "Телескоп" ютуб каналынын негиздөөчүсү, "Элистан" балалык борборунун мүдүрү, коомдук ишмер Нуриет Абдулазиз, АГИнин окутуучулар жамааты жана студенттерине "Эркектик жана ургаачылык өзөк түшүнүгү: психологиялык, социалдык, диний жана тарыхий призма аркылуу" деген темада кызыктуу семинар өттү.
3.10.10.2023. АГИнин студенттери үчүн инфопродюсер, сатуу психологиясы боюнча тренер Акматкулов Жанузак Омурбекович "Сатуунун жашоодогу орду" деген темада кызыктуу семинар- тренинг өтүп берди.
4.12.10.2023. Түркия Республикасынын Мармара университетинин профессору, теология илимдеринин доктору Өмер Челик агай “Диний жана моралдык баалуулуктарды үйрөтүүдө теологиялык билим алгандардын милдети” деген темада институтубуздун окутуучуларына жана студенттерине конференция берди.
5.23.02.2023. Университетибиздин ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жана Арашан гуманитардык институтунун жаңы шайланган директору Козукулов Тимур Алимбекович конокто болушту.
6.Кыргыз-Түрк Манас университетинин теология факультетинин деканы, профессор Хасан Айык жана кафедра башчысы, профессор Бекир Татлы факультетибизде конокто болушту.
7.18.06.2023. Түркия Республикасынын белгилүү артисти, музыкант, Юсуф Гонжагүл жана эркин жазуучу Эмре Топоглу факультетибизде конокто болушту.