Ош Мамлекеттик Университети Арашан Гуманитардык Институтунун бүтүрүүчүлөрү тарабынан 2012-жылдын май айында элибизге, мекенибизге жана динибизге кызмат кылуу максатында Асыл Кенч коомдук фонду түзүлгөн.
1. Асыл Кенч коомдук фондунун максаты:
- Улуттук баалуулуктарыбызды, руханий мурастарыбызды кайрадан жандандырып, эртеңки келечегибиз болгон жаштардын татыктуу тарбия, терең билим алышына көмөкчү болуу;
- коомчулукта жардамга муктаж мекендештерибизге материалдык жана руханий өңүттөн колдоо көрсөтүү;
- элибиздин руханий, маданий жана адабий мурастарына салым кошуу максатында китеп, журнал жана газеталарды чыгаруу
- мекендештерибиздин руханий ахлактык билимин жогорулатуу максатында маңыздуу конференцияларды, лекцияларды жана семинарларды уюштуруу болуп эсептелет.
2. Асыл Кенч коомдук фондунун аткарган иш-арекеттери.
Асыл Кенч коомдук фонду түптөлгөндөн бери алгылыктуу иш-чараларды өткөрүп келе жатат. Бул иш-чаралар Асыл Кенч коомдук фондунун фейсбук баракчасынан ( https://www.facebook.com/asylkench/ ) чагылдырылып турат.
1. Студенттер менен тыгыз иш алып барууда. Асыл Кенч коомдук фонду ар бир семестрдин жыйынтыгында эң мыкты окуган студенттерге стипендия жана кызыктыруучу белектерди берип келүүдө. Бул иш чара жыл сайын уланууда.
2. Асыл Кенч коомдук фонду менен биргеликте студенттердин жаштар комитети Бишкек шаардык карыялар үйүнө, жетим балдар үйүнө барышып ар кандай иш-чаралар уюштурулууда. Бул иш-чара жыл сайын уюштурулууда.
3. Асыл Кенч коомдук фонду тарабынан студенттер арасында ар кандай илимий жарыштар өткөрүлүп келет. Үстүбүздөгү жылдын май айында Арашан гуманитардык институту Дин таануу факультенинин студенттери арасында "Пайгамбарды (с.а.в) тааныйлы" аттуу китеп окуу жарышы уюштурулуп, алдыңкы орундарга ээ болгондорго сыйлыктар тапшырылды. (мындай илимий жарыштар жыл сайын өткөрүлүп келет)
1-орун: Исабаев Шухратжан. Сыйлыгы: Стамбул шаарына жолдомо, китептер.
2-орун: Тууганбаев Нурбек. Сыйлыгы: 5000 сом, китептер.
3-орун: Жапаркулов Иззатбек. Сыйлыгы: 3000 сом, китептер.
4-орун: Зиёвиддинов Кушбек. Сыйлыгы: китептер.
5-орун: Жузубалиев Канат. Сыйлыгы: китептер.
4. Асыл Кенч коомдук фонду менен биргеликте ар бир жылдын май айынын экинчи жумасында АГИнин бүтүрүүчүлөрү менен «Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси» уюштурулуп келет. Үстүбүздөгү жылдын 12-май күнү АГИнин кампусунда АГИ менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо жана болочок кадрларды ишке орноштуруудагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо, бүтүрүүчүлөрдүн адистиги боюнча ишке орношутуруу максатында, «Жалпы бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси» уюштурулду. Ошондой эле бул жолугуушуда АГИнин бүтүрүүчүлөр Ассоциясы бекитилип, мындан ары Асыл Кенч коомдук фонду менен биргеликте иш алып баарууга макулдашылды.
Бул тууралуу маалымат http://www.oshsu.kg/news/new/?lg=1&id_parent=78&id2=8397 сайтына чыгарылды. Бүтүрүүчүлөргө карата сурамжылоо анкетасы (анкета тиркемеде,) уюштурулуп сурамжылоого алынган анкеталардын жыйынтыгы деканатка тапшырылды.
5.Асыл-Кенч коомдук фонду тарабынан жыл сайын Бишкек шаарында ооз ачыруу (ифтар) иш-чарасы уюштурулуп келүүдө.
6.Курман айт майрамында элге өзгөчө кызмат кылып Асыл Кенч коомдук фондунун мүчөлөрү, демөөрчүлөрүнүн көмөгү менен курмандыктар союлуп, мечит, медресе, балдар жана карыялар үйү сыяктуу жайларга эт таратылат. (Бул иш чара ар жылы курман айт майрамында аткарылат)
7. Асыл Кенч коомдук фонду АГИнин студенттик кеңеши менен биргеликте жыл сайын Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в) туулган айынын урматына «Куттуу жумалык» аземи өткөрүлүп келүүдө.
8. Асыл Кенч коомдук фонду жумасына бир жолу бүтүрүүчүлөр менен чогулуш уюштуруп, бул чогулушта биргеликте иш алып баруу максатында ар кандай маселелер талкууланат.
9. Асыл Кенч коомдук фонду менен биргеликте АГИнин окутуучулары ар жума бүтүрүүчүлөргө карата сабактар уюштуруп келүүдө.
10. Асыл Кенч коомдук фонду АГИнин окуучулар жамааты менен биргеликте маданиятыбызга салым кошуу максатында Кенч журналын жана китепчелерди чыгарууда.
11. Асыл Кенч коомдук фонду кезеги менен Маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний мекемелер жана окуу жайлар арасындагы спорттук мелдештерди өткөрүп келүүдө.
Ошондой эле АГИнин окутуучулары “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондунун Кыргыз Республикасындагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган өлкөнүн имамдарынын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулуп жаткан семинар жана сабактарды өтүшүүдө.