Госстандарт

Кыргыз Республикасынын

билим берүү жана илим министрлигинин

2021жылдын «___»______________№_____________

буйругуна тиркеме

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

Багыты: 531500 «Теология»

Квалификациясы: магистр

БИШКЕК 2021-жыл

1. Жалпы жобо

1.1.Жогорку кесиптик билим берүүнүн 531500 – «Теология» багыты боюнча ушул Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагыыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына жана билим берүүжаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте бекитилген.

Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу магистрлерди даярдоо боюнча кесиптик билим берүү программаларды ишке ашыруучу бардык ЖОЖдор үчүн менчиктик формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан милдеттүү болуп эсептелет.

1.2. Терминдер, аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар

Ушул Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучу болгон мыйзам чегинде белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык терминдер жана аныктамалар пайдаланылат.

- негизги билим берүү программасы - максаттарды, күтүлүүчү натыйжаларды, даярдоонун тийиштүү багыты боюнча билим берүү процессин ишке ашыруунун мазмунун жана уюштурулушун регламенттөөчү окуу-методикалык документтердин жыйындысы;

- даярдоонун багыты - ар түрдүү профилдеги, фундаменталдуу даярдоо негизиндеги интеграцияланган жогорку кесиптик билимдүү кадрларды (адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди) даярдоо үчүн билим берүү программаларынын жыйындысы;

- профиль – негизги билим берүү программасынын конкреттүү бир түргө багытталышы жана (же) кесиптик иш объекти;

- компетенттүүлүк–окуучунун аныкталган бир чөйрөдө майнаптуу жана жемиштүү иштөөсү үчүн зарыл болгон билими жагынан даярдоого карата алдына ала коюлган социалдык талап (ченем);

- бакалавр– магистратурага кирүүгө жана кесиптик иш менен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;

- магистр– аспирантурага жана (же) базалык докторантурага (PhDпрофили боюнча) жана кесиптик ишменен алектенүүгө укук берген жогорку кесиптик билимдин квалификациялык деңгээли;

- кредит (зачеттук бирдик) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

- окутуунун натыйжалары - негизги билим берүү программасы/модулу боюнча окуунун натыйжасында ээ болгон компетенциялар;

- теӊдөө курстары - ушул багыт боюнча магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасын өздөштүрүү үчүн талап кылынуучу базалык кесиптик билимдерге жана компетенцияларга биринчи окуу жылынын ичинде ээ болуу үчүн туура келген багыт (адистик) боюнча базалык билими болбогон студенттер – магистранттар тарабынан өздөштүрүүлүчү сабактар.

- жалпы илимий компетенция – кесиптик иштин баардык турлору (же көпчүлүгү) учун жалпы болуп саналган мүмкүнчүлүктөрдү билдирет; окуу, талдоо жана сыноо кылуу ж.б. жөндөмдүүлүк;

- инструменталдык компетенция–когнитивдик жөндөмдүү, идеяларды жана ойлорду түшүнүү жана пайдалана билүү жөндөмдөрүн камтыйт; усулдук жөндөм, айлана-чөйрөнү түшүнүү жана башкаруу, убакытты уюштуруу, окуу стратегиясын түзүү, чечимдерди кабыл алуу жана көйгөйлөрдү чече билүү жөндөмү; технологиялык жөндөм, техниканы пайдалана билүүгө,компьютерди билүүгө жанамаалыматтык башкарууга байланышкан жөндөмдөр; лингвистикалык жөндөмдөр, коммуникациялык компетенция;

-социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар–ой-сезимдерди жана мамилесин билдирүүгө, сын көз менен ой жүгүртүүгө жана өзүнө баа бере билүүгө байланышкан жеке сапаттар, ошондой эле социалдык өз ара байланыш жана кызматташуу процесстерине, топтор менен иштеше билүүгө, социалдык жана этикалык милдеттенмелерди кабыл алууга байланышкан жөндөмдөр;

- кесиптик стандарт - кесиптик иштинконкреттүү түрүнүн чегинде анын мазмунуна жана сапатына карата талаптарды белгилөөчү, кызматкер кайсы иште болсо да, кайсы уюумда болсо да өзүнүн ордун татыктуу ээлеши үчүн кызматкерде болушу милдеттүү болгон квалификациянын сапаттык денгээлин баяандаган негиз түзүүчү документ.

1.3.Кыскартуулар жана белгилөөлөр

Жогорку кесиптик билим берүүнүн ушул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөндөгү кыскартуулар колдонулат:

МББС –Мамлекеттик билим берүү стандарты;

ЖКББ – Жогорку кесиптик билим берүү;

НББП – Негизги билим берүү программасы;

ОМБ – Окуу методикалык бирикме;

ЖК – жалпы илимий компетенциялар

ИК– инструменталдык компетенциялар

КК – кесиптик компетенциялар

СИЖМК – социалдык – инсандык жана жалпы маданий компетенция.

2. Колдонуу тармагы

2.1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары - ЖКББ МББС) магистрлерди даярдоо багыты боюнча негизги билим берүү программаларын ишке ашыруудагы милдеттүү нормалардын, эрежелердин жана талаптардын жыйындысы жана 531500 – «Теология» багытындагы уюштуруучулук-усулдук документтерди иштеп чыгуу, лицензиясы же Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар, бардык жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелеринин (мындан ары - ЖОЖдор), менчиктик формасына жана ведомстволук таандыктыгына карабастан жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатын баалоо үчүн негиз болуп эсептелет.

2.2. Ушул ЖКББ МББСын 531500 – «Теология» багыты боюнча негизги пайдалануучулар төмөнкүлөр болуп саналат:

- өздөрүнүн ЖОЖдорундагы ошол багыт жана даярдоонун деңгээли боюнча илимдин, техниканын жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эсепке алып, негизги кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу, натыйжалуу ишке киргизүү жана жаңылоо үчүн жооптуу болгон ЖОЖдордун администрациясы жана илимий-педагогикалык курамы (профессордук-окутуучулук курам, илимий кызматкерлер);

- ЖОЖдун даярдоонун ошол багытындагы негизги билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча өзүнүн окуу ишин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу студенттер;

- тийиштүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү адистердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органынын тапшыруусу боюнча негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-усулдук бирикмелер жана кеңештер;

- жогорку кесиптик билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар;

- жогорку кесиптик билим берүү системасындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөну камсыз кылуучу, аткаруубийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары.

- жогорку кесиптик билим берүү тармагындагы билим берүү программаларынын жана уюмдарынын аккредитациясын ишке ашыруучу жана сапатын көзөмөлдөөчү аккредитациялык агенттиктер.

2.3. Абитуренттердин даярдык деңгээлине карата коюлган талаптар

2.3.1.“Магистр” квалификациясы ыйгарылган Жогорку кесиптик билим алууну көздөгөн абитуриенттин билим денгээли,“бакалавр“квалификациясы ыйгарылганЖогорку кесиптик билим же “адис” квалификациясыыйгарылган Жогорку кесиптик билим.

2.3.2. Абитуриенттин “бакалавр” квалификациясы ыйгарылган жогорку билими же “адис” квалификациясыыйгарылганЖогорку кесиптик билими жөнүндөгүмамлекеттик үлгүдөгү документи болууга тийиш.

3. Даярдоо багытынын жалпы мүнөздөмөсү

3.1.Кыргыз Республикасында 531500 - «Теология» багыты боюнчадаярдоо төмөнкүлөр боюнча ишке ашырылат:

- бакалаврларды даярдоо боюнча ЖКББ НББП;

- магистрлерди даярдоо боюнча ЖКББ НББП.

Бакалаврларды даярдоодо ЖКББ НББПны толугу менен өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү аяктаган ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнө “бакалавр” квалификациясы ыйгарылган жогорку билими тууралуу диплом берилет.

Магистрлерди даярдоодо ЖКББ НББПны толугу менен өздөштүргөн жана белгиленген тартипте мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү аяктаган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө “магистр” квалификациясы даражасы ыйгарылган жогорку билими тууралуу диплом берилет.

Магистрлерди даярдоо багытындагы ЖКББ НББПнын профилдери ЖОЖ тарабынан тармактык/секторалдык квалификациянын алкагында (эгер болсо) аныкталат.

3.2. 531500 - «Теология» багыты боюнча магистрлерди даярдоодоЖКББ НББП боюнча өздөштүрүүнүн нормативдик мөөнөтү окутуунун күндүзгү формасы боюнча жалпы орто же атайын орто кесиптик билими барлар үчүн 6 жылдан кем эмес, ал эми “бакалавр” квалификациясы ыйгарылган жогорку билимдүүлөр үчүн 2 жылдан кем эмес убакытты түзөт.

Магистрлерди даярдоодо ЖКББ НББП боюнча өздөштүрүү мөөнөтү окутуунун күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формасы, ошондой эле окуунун ар түрдүү формасын айкалыштырууда күндүзгү окуу формасында бекитилген нормативдик мөөнөттөн ЖОЖ тарабынан салыштырмалуу жарым жылга узартылат.

ЖКББ НББП толук жогорку кесиптик билимдин базасында магистрлерди “адис” квалификациясы менен даярдоо мөөнөтү бир жылдан кем эмес.

ЖКББ НББП мөөнөтү адистикке байланышпаган жогорку кесиптик билими бар абитуриенттер үчүн бакалавларды жана кесип боюнча адистерди даярдоодо билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөтү базалык кесиптик билимдин жана компетенциясын жогорулатуучу теӊдөөчү курстарды иштеп чыгуунун эсебинен көбөйөт.

Жеке окуу планы боюнча окутуу жүргүзүлгөндө ЖОЖ окуу формасына карабастан окуу мөөнөтүн өз алдынча белгилейт.

Ден соолугу чектелүү адамдарды жеке окуу планына ылайык окуткан учурунда ЖОЖ окуу убактысын тийешелүү билим берүү формасы үчүн белгиленген мөөнөткө салыштырганда узартууга укуктуу.

Магистрлерди даярдоодо ЖКББ НББП боюнча өздөштүрүүнүн башка нормативдик мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

3.3. Күндузгү окуу формасында магистрлерди даярдоодо НББП өздөштүрүүнүн жалпы эмгек көлөмү жалпы орто жана орто кесипттик билимдин базасында 360 кредиттен кем эмес жана “бакалавр” квалификациясы ыйгарылган жогорку билимдүүлөр үчүн 120 кредиттен кем эмес бирдикти түзөт.

Күндүзгү окуу формасы боюнча ЖКББ МББСнын эмгек көлөмү окуу жылы үчүн 60тан кем эмес кредитке барабар.

Бир семестрдин эмгек көлөмү (окуу процессинин эки семестрдик түзүлүүсүн алганда) 30 кредитке барабар.

Бир кредит студенттин окуу ишинин (анын аудиториялык ишин, өз алдынча иштөөсүн жана аттестациянын бардык түрүн кошкондо) 30 саатына барабар.

Күндүзгү-сырттан окуу (кечки) жана сырттан окутуу боюнча, жана ошондой эле окутуунун аргандай формаларын айкалыштырууда НББПнын эмгек көлөмү бир окуу жылга 48 сааттан кем эмес кредитти түзөт. Жыйынтыктоочу окуу жылынын эмгек көлөмү НББПнын жалпы эмгек көлөмүн камсыздоо зарылчылыгын эске алуу менен аныкталат.

3.4.Инсанды531500 –«Теология»окутуу жана тарбиялоо жаатындагы даярдоонун багыты боюнча ЖКББ НББПнын максаттары.

3.4.1.531500 –«Теология»багыты боюнча ЖКББ НББПнын окутуу жаатындагы даярдоонун максаты болуп билим берүү жана илим – изилдөө, маданият жана искусство, башкармачылык жана башкаруу, коомдук мобилдүүлүккө жана эмгек базарындагы туруктуулукка өбөлгө түзүчү студенттердин инсандык сапаттарын жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү аркылуу коомдук долбоорлорду, эксперттик-консультативдик жана агартуучулук ишти ишке ашыруу боюнча диндин негизги эрежелеринин жыйындысынын тарыхынын, диний жашоо формасынын, диний-маданий мурас (диний искусство, диний жазмалардын эстеликтери) маселелери боюнча коомдук тейлөө жаатында инновациялык кесиптик ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн болгон магистрлерди даярдоо болуп эсептелет.

3.4.2. 531500 – «Теология»багыты боюнча ЖКББ НББПнын инсан тарбиялоо тармагындагы максаты болупстуденттердин социалдык-инсандык сапаттарын калыптандыруу эсептелет: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекчилдик, жоопкерчиликтүүлүк, жараандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук, алардын жалпы маданиятын, инсан руханиятын жогорулатуу.

3.5. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердик жагы

531500 – «Теологияга»даярдоо багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердиги ɵзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- билим берүү жана илимий изилдөөлөр (окутуу, изилдөө);

- маданият жана искусство (агартуу жана экскурсиялар);

- башкаруу жана башкаруучулук (медиация, маданият жана мамлекеттик саясат башкаруу);

- коргоо жаатында мамлекеттик саясат;

- социалдык тейлөө (диний уюмдарда ишмердүүлук);

- коомдук массалык каражаттар.

Бүтүрүүчүлөр алардын билиминин денгээлине туура келген шартта жана кызматкердин квалификациясына коюлган талаптарга болгон үйрөнгөн компетенцияларынын шартына жараша болгон кесиптик ишмердүүлүк тармагында жана (же) башка тармактарда өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн ишке ашыра алат.

3.6. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин объекттери

531500 – «Теологияга»даярдоо багыты боюнча (дин таануунун бакалаврынын кесиптик ишмердигин кошуп алганда) бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигининобъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- негизги салуучу руханий баалуулуктар жана тажрыйба;

- тийиштүү диндеги дүйнө тушуүнүү;

- музей экспонаттары;

- китепканалардагы жана архивдердеги диний жана дин таануу материалдар жана адабият;

- ММКдагы дин жөнүндө материалдар;

- басмаканалардагы диний жана дин таануучулук адабияттар;

- диний уюмдардын ишмердигин жөндөөчу ченемдик иш кагаздар, алардын мамлекеттик органдар менен болгон алакасы;

- билим берүү жана тарбия процесси, окуу-усулдук документациясы, окутуунун жана тарбиянын усулдары, окутуучулар;

- илимий долбоорлор, чогултуу жана анализдөөнун усулдары, серепчилик корутундулар;

- коомдук долбоорлор.

3.7. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин түрлөрү:

- илим-изилдөө ;

- педагогикалык;

- уюштуруу-башкаруучулук;

- эксперттик-аналитикалык.

Негизинен, бүтүрүүчү багыт алган ишмердиктин конкреттүү түрлөрү тийиштүү кесиптик стандарттын (бар болсо) же кызыктар болгон жумуш берүүчүлөр менен биргеликте кабыл алынган чечимдин негизинде ЖОЖ тарабынан иштелип чыкканбилим берүү программасынын аныкташы керек.

3.8. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин милдеттери

Магистрдин кесиптик ишмердигинин милдеттери:

илим-изилдөөишмерди ги:

− аналитикалык иштеп чыгуулардын ишке ашырылуусу, теологиялык анализ жана илимий изилдөөлөр үчүн теология жана философия илимдериндеги теоретикалык жана практикалык билимдерин колдонуу, өндүрүштө илимий иштеп чыгууларды сиңирүү;

− изилдөөлөрдүн багыты боюнча болгон теология илими жаатында алдыңкы атамекендик жана чет элдик тажрыйбанын, илимий билимдинзаманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен илимий-изилдөө иштерин чогултуу, жөндөө, анализдөө, системага келтирүү жана жалпылоо;

− усулдарды, иш пландарды жана илимий изилдөө жүргүзүүнүн жана перспективдүү инновациялык иштеп чыгуулардын программаларын иштеп чыгуу, ишти аткаруучулар үчүн атайын тапшырмаларды даярдоо, илимий изилдөө отчетторун, жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча болгон баяндоолор жана публикацияларды иштеп чыгуу;

− илимий изилдөө ишмердигинин жыйынтыктарын жөнгө салуу теология жааатында илимий изилдөө иштеринин экономикалык эффективдүүлүгүн аныктоо жана интеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон укукту коммерциялаштыруу;

− семинарларды, илимий-теоретикалык конференцияларды даярдоо жана ѳткѳрүү, илимий публикацияларды даярдоо жана редакциялоо;

педагогикалыкишмердиги :

- МББСти билим берүү программаларын жеке билим берүү траекторияларын илимий, техникалык жана окуу-усулдук адабияттарды окуп үйрөнүүнүн негизинде окуу сабактырынын жана курстарынын программаларын, ошондой эле изилдөөлөрдүн жеке жыйынтактарын долбоорлоо;

- окуучулардын жаш курактык жана жеке өзгөчүлүктөрүн эске алуу менен кесиптик-нравалык сапаттарын жана мамилелерин калыптандыруу;

− окуучулардын профильге чейинки жана профильдик даярдыктары үчүн жаңы сабактардын жана тандоо курстарынын мазмунун, ошондой эле текшерүүнүн ыкмаларын жана калыптарын жана ар кандай түрдѳгү текшерме- ченеме материалдарды долбоорлоо;

− жаш балдардын жана чоңдордун кошумча билим берүү программасынын алкагында орто жалпы жана кесиптик билим берүү мекемелериндеги жаңы ыкмаларды жана инновациялык билим берүү жана санариптик технологияларды колдонуу менен окуу процессин уюштуруу

− угуучулардын жана магистранттардын өз алдынча аудиториядан тышкаркы иштерин уюштуруу, дин таануу тармагында алардын жеке жараандык позициясын, илим-изилдөө жана практикалык ишмердүүлүгүн стимулдоо;

− окуучулар, уюмдар жана мекемелер менен биргеликте инновациялык илимий-теоретикалык жана эксперттик иштеп чыгууларды долбоорлоо жана ишке ашыруу;

уюштуруу-башкаруучулук ишмердиги:

− кесиптик топтордун, уюмдардын (коомдук, коммерциялык жана ѳкмѳттүк уюмдар жана фонддордун) ишмердигин координациялоо жана уюштуруу, ар кандай кырдаалдардын шартында башкаруу чечимдерди кабыл алуу, индикаторлорду стратегиялык пландоо, натыйжаларды айтып берүү;

− ар кандай иш чараларды уюштуруу жана алардын теологдун кесиптик ишмердигини бардык жааттарында алардын эффективдүүлүгүн аныктоо;

− теологдун кесиптик ишмердигиндеги бардык жааттарындагы жеке проекттер боюнча дагы тайпалардын курамында иштерди уюштуруу;

эксперттик-аналитикалыкишмерди ги:

- өзүнүн адистигинин профили боюнча болгон эксперттик ишти пландоо жана ишке ашыруу жана анын жыйынтыктарын коюлган талаптарга ылайык тузулгөн отчеттор түрүндө тапшуруу;

- концепциялардын, стратегиялардын, программалардын жана башка илим-изилдөөдолбоорлордун экспертизаларын жасоо, илимий публикациялардын экспертизасына катышуу;

- индивидтин этикалык, ченемдик-укуктук нормаларын эске алуу менен коомдун муктаждыгына ылайык эксперттик-консультативдик жардам/тейлөө көрсөтүү боюнча эксперттик/кесиптик группалардын/уюмдардын ишмердигин пландоо жана уюштуруу;

- аналитикалык кагаздарын иштеп чыгуу, экспертиза боюнча отчетторду жарыялоо, эксперттик-аналитикалык ишмердиктин алкагында чыгып сүйлөө.

4. НББП жүзөгө ашыруунун шарттарына каратажалпы т алаптар

4.1. НББП жүзөгө ашырууда ЖОЖдун укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар

4.1.1. Жогорку окуу жайлар даярдоо багыттары боюнча НББП өз алдынча иштеп чыгышат. НББП Кыргыз Республикасында даярдоонун багыттары боюнча тийиштүү МББС негизинде иштелип чыгат жана ЖОЖдун илимий кеңеши тарабынан бекитилет.

ЖОЖдор илимдин, техниканын, маданияттын, экономиканын, технологиялардын жана социалдыкчөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен МББС 5 жылда бир жолудан кем эмес жаңылап турууга тийиш, муну менен бирге ЖОЖдо билим берүүнүн сапатынын кепилдигин камсыз кылган төмөнкүдөй рекомендациялар сакталууга тийиш:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнчастратегияларды иштеп чыгууда;

- билим берүү программаларына мониторинг жүргүзүүдө, мезгил-мезгили менен рецензиялоодо;

- так макулдашылган критерийлердин негизинде студенттердин билим жана жөндөмдүүлүк деңгээлине, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларына баа берүүнүн объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгууда;

- окутуучулар курамынын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылууда;

- жүзөгө ашырылып жаткан бардык билим берүү программаларын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылууда, аларды пайдаланууда, анын ичинде окуп жаткандарды сурамжылоо жолу менен эффективдүүлүккө контролдук кылууда;

- өз ишмердигине баа берүү (стратегия) жана башка билим берүү мекемелерине салыштыруу үчүн макулдашылган критерийлер боюнча өзүн-өзү текшерүүнү туруктуу жүргүзүүдө;

- өз ишмердигинин натыйжалары, пландары, инновациялар жөнүндө коомчулукка маалымат берүүдө.

4.1.2. Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатына баа берүү аларды утурумдук, алардык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоого киргизүүгө тийиш. Баа берүү базасы ЖОЖ тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоого, чыгаруучу квалификациялык иштердин жана мамлекеттик сынактардын мазмунуна, көлөмүнө жана структурасына карата талаптар ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө Жобону эске алуу менен ЖОЖ тарабынан аныкталат.

4.1.3. НББП иштеп чыгууда бүтүрүүчүлөрдүн социалдык-инсандык компетенцияларын (мисалы, социалдыкөз ара аракеттенүү, өз алдынча уюштуруу жана өзүн-өзү башкаруу компетенцияларын, социалдык-ишмердик мүнөзүн) калыптандырууда ЖОЖдун мүмкүнчүлүктөрү аныкталууга тийиш. ЖОЖ анын социалдык-маданийчөйрөсүн калыптандырууга, инсандын ар тараптуу өнүгүшүүчүн зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.

ЖОЖ студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү, студенттердин коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачыл клубдарынын, студенттик илимий коомдордун ишине катышуусун кошуп алганда окуу процессинин социалдык-тарбиялоо компоненттерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө тийиш.

4.1.4. ЖОЖдун НББП студенттер тандаган сабактарды камтууга тийиш. Студенттин тандоосу боюнча сабактарды түзүүнүн тартибин ЖОЖдун илимий кеңеши белгилейт.

4.1.5. ЖОЖ студенттерге өзүнүн окуу программасын түзүүгө катышуусунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга милдеттүү.

4.1.6. ЖОЖ НББП түзүүдө студенттерди алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, студенттер тандап алган сабактар алар үчүн милдеттүү болуп санала тургандыгын түшүндүрүүгө милдеттүү, ал эми алардын жалпы эмгекти талап кылышы окуу планында каралгандан аз болбоого тийиш.

4.2. НББП жүзөгө ашырууда студенттердин укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар

4.2.1. Студенттер анын тандоосу боюнча окуу сабактарын өздөштүрүүгө НББП каралган окуу убактысынын көлөмүнүн чегинде конкреттүү сабакты тандап алууга укуктуу.

4.2.2. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын калыптандырууда студент тандап алган сабагы боюнча ЖОЖдо консультация алууга жана аларды даярдоонун келечектеги профилине (адистешүүсүнө) таасири тийиш керек.

4.2.3. НББП өздөштүрүүдө СИЖМК өнүктүрүү жагында натыйжаларга жетишүү максатында студенттер студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачыл клубдардын, студенттик илимий коомдордун ишине катышууга милдеттүү.

4.2.4. Студенттер ЖОЖдун НББП каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

4.3.Студенттердин окуусунун жүгүнүн максималдуу көлөмү анын аудиториядагы жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуп алганда жумасына 45 саат көлөмүндө белгиленет.

Күндүз окууда аудиториядагы сабактардын жумадагы көлөмү ЖКББ деңгээлин жана даярдоо багытынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен МББС тарабынан аныкталат жана ар бир окуу сабактарын иликтөөгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн кеминде 25 пайызын түзөт.

4.4.Күндүзгү-сырттан окуу (кечки) окутуу формасында дарсканадагы сабактардын кѳлѳмү жумасына 16 сааттан кем болбоого тийиш.

4.5. Сырттан окууда студентке жылына кеминде 160 саат көлөмүндө окутуучу менен сабак өтүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.

4.6. Окуу жылында каникулдук убакыттын жалпы көлөмү 7жумадан кем эмес, анын ичинде кыш мезгилинде кеминде эки жуманы жана 4 жумалык дипломдон кийинки өргүүнү түзүүгө тийиш.

5. Магистрлерди даярдоонун НББП карата талаптар

5.1. Магистрлерди даярдоонун НББП өздөштүрүүнүн натыйжа ларына карата талаптар

Ушул ЖКББ МББС 3.4 жана 3.8-пункттарында көрсөтүлгөн негизги билим берүү программасынын жана кесиптик ишмердиктин максаттарына ылайык “магистр” квалификациясын ыйгаруу менен 531500 - Теологиягадаярдоо багыты боюнча бүтүрүүчү төмөнкүдөй компетенцияларга ээ болууга тийиш:

а) универсалдуу:

-жалпы илимий (ЖК):

ЖК-1 – сабактар аралык жана инновацияялык ыкмалардын негизинде жараандык демокртиялык коомдун баалуулуктарын өнүктүрүүгө, коомдук акыйкатчылыкты камсыздоого, дүйнө таануучулук, коомдук жана инсанга маанилуу көйгөйлөргө багытталган стратегиялык милдеттерди талдоого жана чечүүгө жөндөмдүү;

- инструменталдык (ИК):

ИК-1– кандайдыр бир чет тилде профилдик жана байланыштуу болгон тармактардын денгээлинде кесиптик дискуссияларды жүргүзүүгө жөндөмдүү;

ИК-2 – инновациялык жана илимий ишмердикте колдонуу үчүн маалыматтык технологияларды жана ири белдирмелерди колдонуу менен жаңы билимдерди иштеп чыгарууга жөндөмдүү;

- социалдык-инсандык жанажалпымаданий(СИЖМК) :

СИЖМК-1 - максатына жетүү үчүн эксперттик /кесиптик топтордун/уюмдардын ишмердүүлүгүн уюштурууга жөндөмдүү.

б) кесиптик (КК):

илим-изилдөөишмерди ги:

КК-1 - илимий изилдөө жана аналитикалык иштеп чыгууларды ишке ашырууга теологиялык анализ жүргүзүүгѳ жана илимий изилдөөлөр үчүн теология жана философия илимдери жаатында теоретикалык жана практикалык билимдерин колдоно алууга, илимий иштеп чыгарууларын ѳндүрүшкѳ сиңирүүгѳ жѳндѳмдүү;

КК-2 - изилдөөлөрдүн багыты боюнча теологиялык илим жаатындагы алдыңкы ата мекендик жана чет элдик тажрыйбанын илимий билимдин заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен илимий-изилдѳѳ иштерди чогултууга, жѳндѳѳгѳ, талдоого, системага келтирүүгѳ жана жалпылоого, практикалык маселелердин чечүүнүн ыкмаларын жана каражаттарын тандай алууга жѳндѳмдүү;

КК-3 - теология жаатында усулдарды, иш пландарын, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү программаларын жана перспективдүү инновациялык иштеп чыгууларды ,, ишти аткаруучулар үчүн атайын тапшырмаларды даярдоо, илимий изилдөө отчетторун, жасалган изилдөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча болгон баяндоолор жана публикацияларды иштеп чыгууга жѳндѳмдүү;

КК-4 - илимий изилдөө ишмердигинин жыйынтыктарын башкаруу жөнгө салуу, теология жааатындаилимий изилдөө иштеринин экономикалык эффективдүүлүгүн аныктоо жана интеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон укукту коммерциялаштыруу жүргүзүүгѳ жөндөмдүү;

КК-5 - семинарларды, илимий-теоретикалык конференцияларды даярдоо жана ѳткѳрүүгѳ, илимий публикацияларды даярдоо жана редакциялоого жөндөмдүү;

педагогикалыкишмерди к:

КК-6 - МББСти билим берүү программаларын жеке билим берүү траекторияларын илимий, техникалык жана окуу-усулдук адабияттарды окуп үйрөнүүнүн негизинде окуу сабактырынын жана курстарынын программаларын, ошондой эле изилдөөлөрдүн жеке жыйынтактарын долбоорлоого жөндөмдүү;

КК-7 - окуучулардын жаш курактык жана жеке өзгөчүлүктөрүн эске алуу менен кесиптик-нравалык сапаттарын жана мамилелерин калыптандырууга жөндөмдүү;

КК-8 - окуучулардын профильге чейинки жана профильдик даярдыктары үчүн жаңы сабактардын жана тандоо курстарынын мазмунун, ошондой эле текшерүүнүн ыкмаларын жана калыптарын жана ар кандай түрдѳгү текшерме-ченеме материалдарды долбоорлоого жөндөмдүү;

КК-9 - жаш балдардын жана чоңдордун кошумча билим берүү программасынын алкагында орто жалпы жана кесиптик билим берүү мекемелериндеги жаңы ыкмаларды жана инновациялык билим берүү жана санариптик технологияларды колдонуу менен окуу процессин уюштурууга жөндөмдүү;

КК-10 - угуучулардын жана магистранттардын өз алдынча аудиториядан тышкаркы иштерин уюштуруу, дин таануу тармагында алардын жеке жараандык позициясын, илим-изилдөө жана практикалык ишмердүүлүгүн стимулдоого жөндөмдүү;

КК-11 - окуучулар, уюмдар жана мекемелер менен биргеликте инновациялык илимий-теоретикалык жана эксперттик иштеп чыгууларды долбоорлоо жана ишке ашырууга жөндөмдүү;

уюштуруу-башкаруучулук ишмердиги:

КК-12 - кесиптик топтордун, уюмдардын (коомдук, коммерциялык жана ѳкмѳттүк уюмдар жана фонддордун) ишмердигин координациялоо жана уюштуруу, ар кандай кырдаалдардын шартында башкаруу чечимдерди кабыл алуу, индикаторлорду стратегиялык пландоо, натыйжаларды айтып берүүгѳ жөндөмдүү;

КК-13 - ар кандай иш чараларды уюштуруу жана алардын теологдун кесиптик ишмердигини бардык жааттарында алардын эффективдүүлүгүн аныктоого жөндөмдүү;

КК-14 - теологдун кесиптик ишмердигиндеги бардык жааттарындагы жеке долбоорлор боюнча дагы тайпалардын курамында иштерди уюштурууга жөндөмдүү;

эксперттик-аналитикалыкишмерди ги:

КК-15 -өзүнүн адистигинин профили боюнча болгон эксперттик ишти пландоого жана ишке ашырууга жана анын жыйынтыктарын коюлган талаптарга ылайык тузулгөн отчеттор түрүндө тапшурууга жөндөмдүү;

КК-16 - концепциялардын, стратегиялардын, программалардын жана башка илим-изилдөө долбоорлордун экспертизаларын жасоо, илимий публикациялардын экспертизасына катышууга жөндөмдүү;

КК-17 - индивидтин этикалык, ченемдик-укуктук нормаларын эске алуу менен коомдун муктаждыгына ылайык эксперттик-консультативдик жардам/тейлөө көрсөтүү боюнча эксперттик/кесиптик группалардын/уюмдардын ишмердигин пландоого жана уюштурууга жөндөмдүү;

КК-18 - аналитикалык кагаздарын иштеп чыгууга, экспертиза боюнча отчетторду жарыялоо, эксперттик-аналитикалык ишмердиктин алкагында чыгып сүйлөөгөжөндөмдүү.

Магистрды даярдоонун билим берүү программасын иштеп чыгууда баардык универсалдык компетенциялар, жана ошондой эле ушул программа багытталган кесиптик ишмердүүлүктүн түрлөрунө кирген кесиптик компетенциялар окутуу программасынын талап кылган натыйжаларынын курамына киргизилет. Даярдоо процессинде окуучу аны даярдап чыгаруунун конкреттуу профилине байланыштуу болгон башка (атайын болгон кесиптик) компетенцияларды өздөштүрө алат.

Профиль саны 5тен көп болбогон кошумча кесиптик компетенциялар менен аныкталат жана ЖОЖ тарабынаноз алдынча аныкталат.Профильтердин тизмеси ОУБ тарабынан бекитилет. Компетенциялардын тизмеси квалификациялардын улуттук алкактарынын, квалификацияларын тармактык / сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын (бар болсо) негизинде аныкталат.

5.2. Магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасынын түзүлүшүнө болгон талаптар

Магистрлерди даярдоонун негизги билим беруу программасынын түзүлүшү кийинки блокторду өзүнө камтыйт:

Блок 1 «Окуу предметтери» (модулдар);

блок 2 «Практика»;

блок 3 «Мамлекеттик жыйынтыктоо аттестациясы».

Таблица 1. 531500 – Теология багыты боюнча магистратуранын НББПсынын түзүлүшү

Магистрлерди даярдоонун НББПнын түзүлүшү

Магистрантттарды даярдоонун НББПнын ж/а анын блокторунун кредит боюнча көлөму

Блок 1

Окуу предметтер

60-90

Блок 2

Практика

20-40

Блок 3

Мамлекеттик жыйын-тыктоо аттестациясы

10-20

Магистрлерди даярдоодо ЖКББ МББС көлөму

120

ЖОЖ магистранттарды даярдоонун негизги билим берүү программасынын мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык иштеп чыгат жана квалификациялардын улуттук чегине ылайык билим берүүнүн жыйынтыктарына жетүүсүнө жоопкерчиликтүү.

Магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасынын ар бир блогуна кирген окуу предметтердин тизмегин (модулдарын) жана алардын иш өлчөмдөрүн, квалификацииялардын улуттук чек тарабынан каралган, окутуунун жыйынтыктарынын жалпы топтому боюнча аны өздөштүрүүнун жыйынтыктарына болгон талаптарды эске алып, блокко коюлган өлчөмдө ЖОЖ өз алдынча аныктайт.

5.2.1. Блок 2 «Практика» өзунө окуу практикасын (таанышуу, технологиялык илимий-изилдөө иши) жана өндүрүштүк (проекттик, эксплуатациялык, педагогикалык, илимий-изилдөө иши) практиканы камтыйт.

ЖОЖ бир же бир нече болгон практиканын түрлөрүн тандоого акылуу, ошондой эле бекитилген кредиттердин чегинде практиканын кошумча түрүн беките алат.

5.2.2. Блок 3 «Мамлекеттик аттестация» өзүнө мамлекеттик сынактарды тапшырууну жана ага даярданууну, бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткарууну жана жактоону (эгер ЖОЖ бүтүрүүчү квалификаүуциялык ишти жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын ичине киргизсе) камтыйт.

5.2.3. Магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасынын алкагында милдеттүү түрдө болгон жана тандоо бөлүктөрү киргизилген.

Магистрлерди даярдоонун НББПнын милдеттүү болгон бөлүгүнө, квалификациялардын улуттук чегинин денгээлдерин эске алып, жалпы илимий, универсалдуу, социалдык-инсаний, жалпы маданияттык жана кесипкөйлүк компетенцияларын тузүүнү камсыздаган окуу предметтери жана практикалар кирет. Мамлекеттик аттестациянын көлөмүн албаганда, милдеттүү болгон бөлүктүн көлөмү магистрлердын даярдоонун негизи билим беруу программасынын жалпы коломунун 50 пайызынан жогору болбоо керек.

Магистрлерди даярдоонун НББП тандоо бөлүгү боюнча студенттер туура келген багыт боюнча окуу предметтерди тандай алышат, о.э. магистрлерды даярдоонун негизги билим программасынан болгон башка багыттарынын окуу предметтерин да тандоо болушу мүмкүн.

5.2.4. Денсоолугу боюнча окутууга жарабай турган НББПнан тышкары, денсоолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга алардын психофизикалык жөндөмүн, жеке мүмкүнчүлүгүн жана керек болгон учурда алардын физикалык өрчүшүнүн кечендешин жөнгө салууну жана сөз болуп жаткан адамдардын коомго аралашуусун камсыздай турган зарылдык болгондо (өз арызынын негизинде) ЖОЖ мындай адамдарга магистрлерды даярдоонун НББПсы боюнча окутууга мүмкунчүлүк берүүгө тийиш.

5.3. Магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасын ишке ашыруу шарттарына коюлган талаптар

5.3.1. Окуу процессинин кадрдык камсыздоосу

5.3.1. Окуу процессинин кадрдык камсыздоосу

Магистрлерди даярдоонун НББПсын ишке ашыруу квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыз кылынышы керек, мындан илимдин кандидаты же доктору окумуштуулук даражасы бар окутуучулар тарабынан берилген дисциплиналардын, лекциялардын үлүшү дисциплиналардын жалпы санынан 60% түзүшү керек (лицензиялык талаптар).

Магистрдик программанын илимий маӊызы жана билим берүүнүн үстүнөн жалпы жонунан жетекчилик кылуу профессор же илимдин доктору тарабынан ишке ашышы керек; бир профессор же илимдин доктору экиден ашпаган магистрдик программанын үстүнөн ушу сыяктуу жетекчиликти ишке ашыра алат; ЖОЖдун Окумуштуулар кенешинин чечими менен магистрдик программаны жетектөө доцент окумуштуу наамы бар илимдин кандидаты тарабынан дагы ишке ашырылат.

Студент-магистранттардын үстүнөн түздөн түз жетектоо ишмердиги магистратуранын ишке ашырылуучу программа менен байланыш болгон (ушул кесиптик тармакта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар болгон) илимий даражасы жана (же) илимий наамы бар болгон жетекчилердин жана (же) мекемелердин кызматкерлеринин ичинен болгон илимий жетекчилер тарабынан ишке ашырылат; бир илимий жетекчи 5тен көп эмес студент- магистранттын үстүнөн жетектей алат (ЖОЖдун Окумуштуу кеӊеши тарабынан аныкталат).

5.3.2. Окуу процессинин окуу-усулдук жана маалыматтык камсыздоосу

Магистрлерди даярдоонун негизги билим берүү программасынын ишке ашуусу ар бир студенттин маалыматтар базасына жана негизги билим берүү программасынын окуу предметтеринин (модулдардын) НББПнын толук тизмегинде түзүлгөн китепкана фондун пайдалануу мүмкүндүгү менен камсыздалышы керек.

Студенттер учун ата-мекендик жана чет элдик ЖОЖдор, ишканалар, уюмдар менен маалыматтар менен ыкчам алмашуу мүмкүндүгү менен камсыз болушу керек.

ЖОЖдун билим беруу программасы лабораториялык практикумдарды жана практикалык сабактарды (тузулгон компетенцияларды эске алуу менен аныкталат) ичине камтышы керек.

Кесиптик ищмердикти тийиштүү тармактарындагы илимий-изилдөөлөрдү жана инновацияларды жыйынтыктарын жарыялап турган (даярдоо профили боюнча) 5 журналдан кем эмес болгон китепкана фондунун топтомунан пайдалануу мүмкүндүгү камсыздалышы керек.

ЖОЖ электрондук басмаларды пайдаланууда изилдөөлөрдү жана өз алдынча иштерди аткаруу үчүн ар бир магистрантты окутулуп жаткан сабактардын көлөмүнө ылайык жумасына 10 сааттан кем эмес Интернетке кирүү мүмкүнчүлугү бар болгон компьютердик класстагы иш орду менен камсыздоого тийиш.

5.3.3. Окуу процессинин материалдык-техникалык камсыздоосу

ЖОЖ магистрлерды даярдоодо НББПсын ишке ашыруу максатында материалдык - техникалык базасы болууга тийиш, алардын чыгармачылык иштерин жөнгө салуу максатында лабораториялардын баардык түрлөрүн дисциплинардык жана дисциплиналар аралык, окуу планында каралган студенттердин чыгармачылык жана илимий изилдөө иштерин, учурдагы санитардык жана отко каршы күрөшүү эрежелери жана нормаларына ылайык, ошондой эле илимий институттар, ишканалар менен тыкыз байланышта болуусу илимий практикалык жактан магистранттарды эффективдүү даярдаганга база болушун камсыздоочу болуп саналат.

Магистрлерды даярдоонун НББПсын ишке ашырууга мумкундук берген материалдык-техникалык камсыздоонун ылаазым болгон тизмеги:

· дарсканалар (көрсөтүү жана үн уктуруучу каражаттары менен болгон, Интернетке кошулуу мүмкүундүгү бар экрандуу презентациялар үчүн болгон видеопроекторлук жабдыгы бар каражат менен жабдылган);

· бүткүл дүйнөнү камтыган, издөө системасына кошула ала турган компьютердик дарсканалар;

· чет тил сабагына ылайыкталган дарсканалар;

· китепканалар (маалымат базасына жана Интернетке кошулган компьютерлер менен жабдылган студенттер учун иш орундары);

· адистикке туура келген атайын жабдылган лабораториялар;

  • окуу-усулдук иш бөлмөлөрү;
  • спорттук зал жана анын жабдыктaры.

ЖОЖ ар бир магистрантты электрондук басмаларды колдонууда изилдөө жана өз алдынча ишти аткаруу үчүн окуу предметинин жумушчу программасында көрсөтүлгөн көлөмгө ылайык Интернетке кошулган компьютердик дарсканадагы иш орду менен камсыздоого милдетүү.

5.3.4. Бүтүрүүчүлөрдүн даярдык сапатын баалоо

5.3.4.1.Жогорку окуу жай даярдык сапатынын кепилдигигин камсыздоого милдеттүү, анын ичинде:

- жумуш берүүчулөрдүн өкүлдөрүн тартуу менен бүтүрүүчүлөрдүн даярдык сапатын камсыздоо боюнча стратегия иштеп чыгуу;

- билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен рецензиялоо мониторинги;

- окуучулардын компетенцияларын, окуучунун билими жана жөндөмүн объективдүү баалоо иш чараларын иштеп чыгуу;

- окутуучулар курамынын компетенттүүлүгүн камсыздоо;

- ишмердүүлүктү (стратегияны) баалоо үчүн келишилген критериялар боюнча өзун өзу текшерүүнү жана жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрун тартуу менен башка билим берүү мекемелери менен салыштырууну регулярдуу өткөруүп туруу;

- коомчулукту жеке ишмердүүлүктөру, пландары, инновацияларынын жыйынтыктары жөнүндө кабарлап туруу.

НББПсын өздөштүүрүнүн сапатын баалоо студенттин билимин утурумдуктекшерүүнү, окуучулардын аралык сынактарын жана бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестацияларын камтууга тийиш.

5.3.4.2. Ар бир окуу предмети боюнча утурумдук жана аралык сынак аркылуу билим текшерүүнүн формалары жана процедуралары ЖОЖ тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана окутуунун биринчи айынын ичинде окуучуларга маалымдалат.

5.3.4.3. НББПна ылайык баскычтуу талаптарга окуучулардын жеке жетишүүсүнө татыктуулугун аттестациялоо үчүн (утурумду билим текшерүү жана аралык аттестациялоо) окуучунун билимин, жөндөмүн, өздөштүргөн компетенцияларынын денгээлдерин баалоого мүмкүндүк берген типтүү тапшырмалар, текшерүү иштери, тесттер жана текшерүү ыкмаларды камтыган билимин, баалоо каражаттарынын фонддору түзүлөт. Баалоо каражаттарынын фонду ЖОЖ тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

Баалоо каражаттарынын фонду ЖКББ МББСнын ушул даярдоо багытынын толук жана туура келген чагылдыруулары болууга тийиш, магистратуранын НББПнын максаттарына, аткарыла турган маселелерине жана окуу планына туура келиши керек. Алар бүтурүүчүлөр ээ болгон жалпы маданияттык жана кесиптик компетенциялардын сапатын баалоону камсыздоочу катары таанылат. Модулдарды, окуу предметтерин, практика өтөөну изилдөө сапатын текшерүү үчүн болгон баалоочу каражаттарды иштеп чыгууда бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүккө жалпы даярдыгынын денгээли жана ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча окуучулардагы калыптанган компетенцияларынын сапатын аныктоого мүмкүндүк берген, анын ичине камтылган билимдери, жөндөмдөрү, тажрыйбаларынын ортосундагы байланыштардын бардык түрлөрү эске алынышы керек.

Баалоочу каражаттарды иштеп чыгууда окуучулардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө болгон жөндөмүн, алардын кесиптик этикасынын жалпы кабыл алынган алгоритмдеринин болбогондугу жана так атайын билимдеринин жетишсиздигине байланыштуу болгон жаныдан пайда болгон маселелерди чечүү аракетине болгон даярдыгын баалоону эске алуу керек.

Жеке баалоодон тышкары топтук жана бири бирин баалоо колдонулушу керек: студенттер тарабынан бири биринин иштерин сынга алуу; студенттер тарабынан рефераттарга, проекттерге, дипломдук изилдөө иштерине кайчы пикир айтуу; студенттер, окутуучулар жана жумуш берүүчүлөрдөн турган топту эксперттик баалоо.

5.3.4.4. Жалпы окуу процессинин сапаты, уюштурулушу, мазмуну жана ошондой эле кээ бир окутуучулардын ишин баалоо мүмкүнчүлүгү окуучуларга жана жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнө түзлүп берилиши керек.

5.3.4.5. ЖОЖ тарабынан магистранттардын компетенттүүлүгүн текшерүү жана баалоо системасын алардын келечектеги кесиптик ишмердүүлугунүн шарттарына максималдуу жакындатуу программалары үчүн шарттар түзүлүшү керек. Ушул максатта конкреттүү окуу предметтин окутуучусунан башка тышкы эксперт катарында туташ окуу предметтерди окуткан окутуучулар, жумуш берүүчүлөр (кызыктар болгон ишкананын өкулдоөру, ИИИ, фирмалар) активдүү түрдө тартылышы керек.

5.3.4.6. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация ЖКББ менен МББС бүтүрүүчүлөрдү кесиптик даярдоо денгээлине төп келүүсүн көздөөгө багытталган.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация бүтүрүүчүнүн квалификациялык ишти жактоосун жана жактоого даярдануусун, бүтүрүүчү квалификациялык ишти аткаруучу жана жактоону өзүнө камтыйт (эгер ЖОЖ бүтүрүүчү квалификациялык ишти жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны ичине киргизген болсо).

5.3.4.7. Бүтүрүүчү квалификациялык иштин мазмуну, көлөмү жана курамына болгон талап, жана ошондой эле мамлекеттик аттестациялык сынактарга коюлган талаптар ЖОЖ тарабынан аныкталат.

Магистратуранын НББПна ылайык болгон бүтүрүүчүнүн квалификациялык иши практика отоо учурунда жана илимий изилдөө ишин аткаруу учурунда магистердик диссертация турундо аткарылат жана магистр даярдалып жаткан (илимий-изилдөө, педагогикалык, уюштуруучулук-башкаруучулук, эксперттик-консультативдик) ишмердүүлүктөрдүн керектүү болгон түрүнүн (түрлөрүнүн) маселелерин чечүүгө байланыштуу болгон өз алдынча иштелип чыккан жана логикалык жыйынтыкталган бүтүрүүчү квалификациялык ишти туюндурат.

Окуучулар бүтүрүүчү квалификациялык ишин аткарууда өздөштүрүлгөн тереӊ билимине жөндөмүнө жана калыптанган жалпы маданияттык жана кесиптик компетенцияларына таянып өзүнүн жөндөмүн жана дараметин көрсөтүшү керек, өзүнүн кесиптик ишмердигинин маселелерин өз алдынча заманбап денгээлде чечүүсү керек, атайын маалыматты кесипкөйлүк менен баяндоо, илимий жуйө келтире алуу жана өз оюн коргой билүү.

5.3.4.8. Мамлекеттик сынактын программасы ЖОЖ тарабынан өз алдынча иштелип чыгат. Бүтүрүүчүнүн компетенцияларын обьективдүү баалаш үчүн сынактардын суроолорунун жана тапшырмаларынын тематикасы комплекстүү болууга тийиш жана конкретүү компетенцияларды калыптандырган ар кандай окуу циклдеринен болгон тандалып алынган бүтүмдөргө туура келүүсу кажет.

Ушул 531500 - «Теология»багыты боюнча магистрлерды даярдоонун ЖКББ жана НББПсы базалык жогорку окуу жай болгон Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде дин таануу жана теология багыты боюнча билим берүүнүн Окуу усулдук бирикмеси тарабынан иштелип чыкты.

Ж.Баласагын атындагы КУУ нун ОУБнин

башчысы, ф.-м.и.доктору, профессор Темиров Б.К.

531400 -Дин таануу жана 531500, 531600-Теология

багыттарынын жумушчу тобунун жетекчиси, Ж.Баласагын

атындагы КУУнундин таануу жана теология

кафедрасынын башчысы, филос.и.к., профессор Омурова Т.О.

ОУБнин мүчөлөрү :

«Манас» КТУнун теология факультетинин декандын

орун басары,теологиянын РhD доктору, доцент Мурзараимов Б.А.

Ислам таануу илимий-изилдөө институтунун директору,

диндин социологиясынын РhD доктору Мырзабаев М.Т.

ОшМУнун теология факультетинин дин таануу

жана гуманитардык сабактар кафедрасынын доценти,

теологиянын РhD доктору, пед. и. к., доцент Мырзаибраимов С.А.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун

дин таануу жана теология

кафедрасынын профессору, филос.и. доктору, доцент Осмонова Д.А.

Дүйнө маданияттарын жана диндерин изилдөө

боюнча ЮНЕСКО кафедрасынын

доценти, т. и. к., доцентПодкуйко Ю.В.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун

дин таануу жана теология

кафедрасынын доценти,филос.и.к., доцент Абдылдаева Т.Ч.

Ж.Баласагын атындагы КУУнундин таануу жана

теология кафедрасынын ага окутуучусу Мурзахалилов К.С.

И.Арабаев атындагы КМУнун

теология кафедрасынын башчысы Бектуров Э.Ш.