КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
БЕКИТИЛДИ
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин
Буйругу №863/1
«10»май2022ж.
Каттоо номери 8
Код 200724
КЫРЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МАМЛЕКТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
Адистик: 050717 - “Теология”
Квалификация – Теолог
Бишкек 2022
1-БАП ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүүдөгү 050717 – “Теология” адистиги боюнча ушул мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары – Мамлекеттик билим берүү стандарты) Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Мамлекттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- негизги кесиптик билим берүү программасы –тийиштүү адистик боюнча билим берүү процессинин максаттарын, күтүлүүчү жыйынтыктарын, мазмунун жана ишке ашырылышын уюштурууну регламенттөөчү окуу- усулдук документтердин жыйындысы;
- сабактардын цикли –билим берүү программасынын бир бөлүгү жеокутуунун, тарбия берүүнүн белгиленген максаттарына жана жыйынтыктарына карата белгилүү бир логикалык аякталышы бар окуу сабактарынын жыйындысы;
- модуль –окутуунун, тарбия берүүнүн белгиленген максаттарына жана жыйынтыктарына карата белгилүү бир логикалык аякталышы бар окуу сабагынын бөлүгү;
- компетенция –тиешелүү жаатта кесиптик иш-аракеттер менен алектенүү үчүн зарыл болгон жеке сапаттардын, билимдердин, ыктуулуктардын жана көндүмдөрдүн динамикалык комбинациясы;
- кредит (зачёттук бирдик) –негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек жүктөмүнүн шарттуу чарасы;
- окутуунун жыйынтыктары– негизиги билим берүү программасы/модуль боюнча октуунун жыйынтыгында алынган компетенциялар.
Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, милдеттүү болуп саналат.
2-БАП
КОЛДОНУУ ЖААТЫ
3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандарты 050717-«Теология» адистиги боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысы менен түшүндүрүлөт жана Кыргыз Республикасынын аймагында уруксаттамасы бар жана аккредитацияланган орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары тарабынан,
алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан, окуу уюштуруу- усулдук документтеринин иштелип чыгышы, орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүү сапатынын бааланышы үчүн негиз болуп саналат.
4. 050717 – “Теология”адистиги боюнча Мамлекттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары төмөнкүлөр болуп саналат:
- бул адистик боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу укугуна ээ болгон билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;
- бул адистик боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүрүүдө өзүнүн окуу иш-аракеттерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу студенттер;
- кесиптик иш-аракеттердин тийиштүү чөйрөсүндөгү адистердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылган окуу-усулдук бирикмелер жана кеңештер;
- орто кесиптик билим берүүнү каржылоону камсыз кылган, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;
- орто кесиптик билим берүү тутумунда мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылган, аккредитациялоону жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапатты контролдоону жүзөгө ашырган, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар.
3-БАП
АДИСТИКТИН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ
5. 050717 – “Теология”адистиги боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү формалары:
- күндүзгү окуу;
- күндүзгү - сырттан (кечки);
- сырттан (аралыктан).
6. Орто жалпы билим берүү базасында күндүзгү окуу формасында орто кесиптик билим берүү адистиги боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү 1 жыл 10 айдан кем эмесин түзөт. Негизги жалпы билим берүү базасында бул кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу учурунда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү 1 (бир) жылга көбөйөт.
7. Орто кесиптик билим берүү программасына интеграцияланган жалпы орто билим берүүнүн (10-11 класстар) жалпы билим берүү программасын ишке ашырууда жалпы орто билим берүү жөнүндө документ (аттестат) берилбейт, ал эми предметтер боюнча баалар орто кесиптик билим берүү жөнүндө документке (дипломго) коюлат.
8. Окууга тапшырууда абитуриенттин жанында төмөнкү документтердин бири болууга тийиш:
- жалпы орто билим берүү жөнүндө аттестат;
- негизги жалпы билим берүү жөнүндө күбөлүк;
9. Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (аралыктан) окутуу формалары боюнча орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөттөрү, ошондой эле окутуунун ар кандай формаларын айкалыштыруу жана аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу учурунда орто кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан күндүзгү окутуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнөн 6 айга көбөйтүлөт.
Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн башка ченемдик мөөнөттөрү өзүнчө ченемдик укуктук акт менен бекитилет.
10. Күндүзгү окутуу формасы боюнча орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек жүктөмү 120дан кем эмес кредитти (зачёттук бирдиктерди) түзөт. Бир окуу семестринин эмгек жүктөмү 30дан кем эмес кредитке (зачёттук бирдиктерге) барабар (окуу процессинде эки семестрлик уюштурулган учурда).
Бир кредит (зачёттук бирдик) студенттин окуу ишинин 30 саатына барабар (аудиториялык, өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошуу менен).
Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан (аралыктан) окутуу формасы боюнча негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек жүктөмү, ошондой эле окутуунун ар кандай формаларын айкалыштыруу жана аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу учурунда окуу жылы үчүн 45тен кем эмес кредитти (зачёттук бирдикти) түзөт.
11. Инсанды окутуу жана тарбиялоо жаатында 050717 – “Теология” адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттары.
Окутуу жаатында 050717 – “Теология”адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты теологиялык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашырган, ортоңку звенодогу квалификацияланган адисти даярдоо жана эксперттик кызматтарга, алардын уюштуруучулук-укуктук формасына жана түрлөрүнө карабастан ишин уюштурууга жардам берүү;
- бүтүрүүчүгө теология жана дин таануу чөйрөсүндө ийгиликтүү иштөөгө мүмкүндүк берген кызыкдар тараптардын талаптарына ылайык жалпы жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү.
050717 – “Теология”адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү прогаммасынын тарбиялоо жаатындагы
максаты болуп студенттердин сылыктык, ак ниеттүүлүк, ырайымдуулук, чынчылдык, сабырдуулук, өзүн-өзү кармай билүү менен социалдык-руханий сапаттарын калыптандыруу, ошондой эле өз алдынчалуулук, максаттуулук, уюштуруучулук, эмгекчилдик, жоопкерчиликтүүлүк, жарандуулук, коммуникациялуулук катары социалдык-инсандык сапаттарды өнүктүрүү эсепетелет.
12. 050717 – “Теология”адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш-аракеттер жаатына төмөнкүлөр кирет:
- теологиялык жана дин таануу боюнча окутууну уюштуруу жана тарбиялоо;
- диний көйгөйлөргө байланыштуу башталгыч диний билим берүү мекемелеринде, маданият жана ЖМК мекемелеринде, академиялык уюмдарда; диний бирикмелер менен өз ара аракеттенүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү.
13. Теология боюнча адистерди даярдоо багытында бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш-аракеттеринин объекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- теологиялык окутуу жана тарбия берүү;
- музейдик экспонаттарды иштеп чыгуу жана сыпаттоо, экскурсия жүргүзүү;
- китепканаларда жана архивдерде диний жана дин таануучу материалдарды, адабияттарды каталогизациялоо;
- ЖМКга дин жөнүндө материалдарды консультациялоо, иштеп чыгуу жана берүү;
- тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иш- аракеттеринин алкагында диний уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу.
14. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш-аракеттеринин түрлөрү:
- теологиялык иш-аракеттер;
- окуу-тарбиялык жана агартуучулук иш-аракеттер;
- социалдык-практикалык иш-аракеттер;
- эксперттик-консультациялык иш-аракеттер;
- өкүлчүлүктүү-ортомчулук иш-аракеттер.
Бүтүрүүчү теологиялык жана дин таануу иш-аракеттерине: теолог, кенже теолог-консультант, кенже теолог-эксперт, кенже педагог-тарбиялоочу, теолог-педагогдун жардамчысы жана башка милдеттүү жогорку теологиялык билими бар экендиги каралбаган кызматтарда теолог катары даяр болушу керек. Ар кандай уюмдарда (мекемелерде) алардын уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан.
Бүтүрүүчү негизинен даярдануучу кесиптик иш-аракеттердин конкреттүү түрлөрү, кызыкдар иш берүүчүлөр менен биргеликте орто окуу жайлары тарабынан иштелип чыгуучу анын билим берүү программасынын мазмунун аныктоого тийиш.
15. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш-аракеттеринин милдеттеринин тизмеги:
- коомдо кабыл алынган моралдык жана укуктук ченемдердин негизинде социалдык өз ара аракеттенүү жөндөмү, адамдарга урмат-сый көрсөтүү, башка маданиятка карата толеранттуулук, өнөктөштүк мамилелерди колдоого даярдык;
- жарандык демократиялык коомдун баалуулуктарынын негизинде диалог жүргүзүү ыктуулугу, жигердүү жарандык позицияны көздөө жөндөмү.
- жашоонун сергек мүнөзүн пропагандалоо, жаратылышты коргоо жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу үчүн керектүү алынган билимди колдонуу.
- бала бакчаларда, башталгыч окуу жайларында окуу процессинде ассистенттик кызматты аткарууда (окутуучунун жетекчилиги алдында) заманбап окуу-уюштуруучулук усулдарды жана тарбиялоо принциптерин колдонуу;
- окуучулардын өз алдынча сабактарын уюштуруу жана окуудан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү ыктуулугу.
- практикалык иш-аракеттерде теологиялык негиздердин, принциптердин, методдордун жана бул иш-аракеттердин ар кандай формаларын колдонуу.
- диний уюмдардын практикалык иш-аракеттерине катышуу жана бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонуу.
- так профилдүү эксперттик-консультациялык милдеттерди чечүүдө талдоонун жыйынтыктарын колдонуу жана теологиялык аракеттерге, балдар басылмаларына экспертиза жүргүзүү.
- конфессия аралык диалог жүргүзүүнү билүү жана диний уюмдардын катышуусунда координациялык түзүмдөрдүн ишинде, ошондой эле теологдун кесиптик иш-аракеттеринин бардык жаатында өкүлчүлүктүү-ортомчулук иш- милдеттерди жүзөгө ашырууда аталган билимдерди колдонуу.
16. 050717 – “Теология”орто кесиптик билим берүү адистиги боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даяр болот:
- теология жана дин таануу боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө;
- теологиялык адистик жана тездетилген мөөнөттө жогорку кесиптик билим берүү даярдыгынын тектеш багыттары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасын өздөштүрүүгө (531600 - “Теология”).
4-БАП
НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ ШАРТТАРЫНА КАРАТА ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР
17. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары адистик боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгат. Негизги кесиптик билим берүүчү программасы эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен адистик боюнча тийиштүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде иштелип чыгат.
Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары жыл сайын илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүн эске алуу менен төмөнкүлөрдө камтылган билим берүүнүн сапатынын кепилдигин камсыздоо боюнча сунуштарга ылайык негизги кесиптик билим берүү программасын жаңыртып турууга милдеттүү:
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыздоо боюнча стратегияны иштеп чыгууда;
- мониторинг жүргүзүүдө, билим берүү программаларын мезгил- мезгили менен рецензиялоодо;
- так макулдашылган критерийлердин негизинде студенттердин билимин жана ыктуулук деңгээлин объективдүү баалоо процедурасын, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын иштеп чыгууда;
- окутуучулар курамынын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыздоодо;
- бардык ишке ашырылуучу билим берүү программаларын жеткиликтүү ресурстар менен камсыздоодо, алардын натыйжалуу колдонулушун, анын ичинде окуп жаткандарды сурамжылоо жолу менен контролдоодо;
- өз иш-аракеттерин (стратегияларын) баалоо жана башка билим берүү уюмдары менен салыштыруу үчүн макулдашылган критерийлер боюнча өзүн- өзү текшерүүнү үзгүлтүксүз жүргүзүүдө;
- өзүнүн иш-аракеттеринин, пландарынын, инновацияларынын жыйынтыктары жөнүндө коомчулукту маалымдоодо.
Практикаларды уюштурууга карата талаптар: 050717 – “Теология” адистиги боюнча окуу графигине ылайык практикалардын төмөнкү түрлөрү уюштурулат: окуу-таанышуу, окуу-өндүрүштүк жана кесиптик (квалификациялык).
18. Студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн даярдык сапатын баалоо, аларды учурдагы, орто-аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоону камтуусу керек.
Студенттерди учурдагы аттестациялоо орто кесиптик билим берүү программасын (педагогикалык кеңеш тарабынан бекитилген) ишке ашырган билим берүү уюму тарабынан белгиленген баалоонун модулдук-рейтингдик тутумунун негизинде окуу семестринин аралыгында жүргүзүлөт.
Студенттерди орто-аралык аттестациялоо ар бир семестрдин аягында өткөрүлөт жана бардык сабактар боюнча учурдагы семестрдеги аттестациялоонун жыйынтыгында жыйынтыктоо баалары (экзамендик баалар) коюлат.
Студенттерди учурдагы, орто-аралык аттестациялоо жана бүтүрүүчүлөрдүн этаптык жеке жетишкендиктерине же тийиштүү негизги кесиптик билим берүү программасынын акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө аларды жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн билимин, ыктуулугун жана алынган компетенцияларынын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берген типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт. Баалоо каражаттарынын базасы орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын ишке ашырган билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
050717 – “Теология”адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун төмөнкү түрлөрү өткөрүлөт:
- өзүнчө сабак боюнча жыйынтыктоочу экзамен;
- адистик боюнча сабак аралык жыйынтыктоочу экзамен.
19. Негизги кесиптик билим берүү программасын иштеп чыгууда бүтүрүүчүлөрдүн социалдык-инсандык компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аркеттенүү, өз алдынча уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, тутумдук-иш-аракеттик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандырууда орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын ишке ашырган билим берүү уюмунун мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы керек. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын ишке ашырган билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдетүү:
- өзүнүн социалдык, маданий чөйрөсүн калыптандырууга;
- инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн керектүү шарттарды түзүүгө;
- студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачыл клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине студенттердин катышуусун кошуу менен окуу процессинин социалдык-тарбия берүүчүлүк компонентин өнүктүрүүгө жардам берүүгө.
20. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун негизги кесиптик билим берүү программасы студенттин тандоосу боюнча сабактардын ар бир циклинин үчтөн биринен кем эмес вариативдүү бөлүгүн камтуусу керек. Студенттин тандоосу боюнча сабактарды түзүү тартибин орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму белгилейт.
21. Орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
- студенттерге өзүнүн окутуу программасын түзүүгө катышууга реалдуу мүмкүнчүлүктү камсыздоого;
- негизги кесиптик билим берүү программасын түзүлүүдө студенттерди алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга;
- студенттер тандап алган сабактар, алар үчүн милдеттүү боло тургандыгын, ал эми алардын суммалык эмгек жүктөмү окуу планында каралган көлөмдөн аз эмес болуш керек экендигин түшүндүрүүгө.
22. Студенттер негизги кесиптик билим берүү программасында каралган, студенттин тандоосу боюнча окуу сабактарын өздөштүрүүгө бөлүнгөн окуу убактысынын көлөмүнүн чегинде конкреттүү сабактарды тандоо укугуна ээ.
23. Студенттер орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун негизги кесиптик билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
24. Негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүдө жыйынтыктарга жетүү максатында студенттер студенттик өз адынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачыл клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышууга милдеттүү.
25. Студенттин жумалык жүктөмүнүн максималдуу көлөмү, анын аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу ишинин бардык түрлөрүн кошуу менен жумасына 45 сааттан белгиленет.
26. Окутуунун күндүзгү-сырттан (кечки) формасында аудиториялык сабактардын көлөмү жумасына 16 саатттан кем эмес болушу керек.
27. Сырттан (аралыктан) окутуу формасында студентке жылына 150 сааттан кем эмес көлөмдө окутуучу менен сабак окуу мүкүнчүлүгү камсыздалышы керек.
28. Окуу жылындагы жалпы каникул убактысынын көлөмү 10 жуманы, анын ичинде кышкы мезгилде эки жумадан кем эмес түзүлүшү керек.
5-БАП
НЕГИЗГИ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНА КАРАТА ТАЛАПТАР
29. «Теология» - 050717адистиги боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11 жана 16-пункттарында көрсөтүлгөн негизги кесиптик билим берүү программасынын максаттарына жана кесиптик иш-
аракеттердин милдеттерине ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:
ЖК1 өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштура билүүгө, кесиптик милдеттерди аткаруунун усулдарын жана ыкмаларын тандоого, алардын натыйжалуулугун жана сапатын жана баалоого;
ЖК2 көйгөйлөрдү чечүүгө, стандарттык жана стандарттык эмес кырдаалдарда чечимдерди кабыл алууга, демилгелөөгө жана жоопкерчиликтүү болууга;
ЖК3 кесиптик милдеттерди натыйжалуу аткаруу, кесиптик жана жеке өнүгүү үчүн зарыл болгон маалыматты издөөнү, интерпретациялоону жана колдонууну жүзөгө ашырууга,;
ЖК4 кесиптик иш-аракеттерде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга;
ЖК5 командада иштегенди, кесиптештер, жетекчилик жана адамдар менен натыйжалуу баарлашууну билүүгө;
ЖК6 команданын мүчөлөрүнүн (кол алдындагылардын) иши үчүн жоопкерчилик алууга жана тапшырмаларды аткаруунун жыйынтыктары үчүн аларды жумуш ордунда окутууга;
ЖК7 өздүк жеке жана кесиптик өнүгүшүн башкарууга, кесиптик иш- аракеттерде эмгек шарттарынын жана технологиялардын өзгөрүүсүнө адаптацияланууга;
ЖК8 кичи жамааттар менен уюштуруу-башкаруу ишине даяр болууга. Жалпы компетенциялардын тизмеги адистиктин багытталышына ылайык толукталышы мүмкүн.
- теологиялык иш-аракеттер жаатында:
КК1 теология жаатында базалык билимдерди жигердүү колдонот, ошондой эле профилдүү теологиялык сабактарды өздөштүрүү үчүн философия, тарых, искусствотаануу, филологиянын фундаменталдуу бөлүмдөрүнүн адистештирилген билимдерин колдонот;
КК2 телогиялык мазмунга ээ болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн стандарттык усулдарын колдонууну билет;
КК3 кесиптик милдеттерди чечүү үчүн теологиялык билимдерди колдонууга даяр;
КК4 усулдук маселелерди чечүүнүн ыкмаларын билет (окууунун моделдери, усулдары, технологиялары жана ыкмалары) жана окутуунун сапатын баалоонун технологияларын колдонууга жөндөмдүү;
КК5 коюлган кесиптик милдеттерди чечүү үчүн заманбап техникалык каражаттарды жана маалыматтык технологияларды колдонот;
КК6 адамдарды социалдаштыруу жолдоруна, техникасына, усулуна жана ыкмаларына ээ жана адамдардын кесиптик өз алдынча аныкталуусу үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү;
КК7 жалпы жана атайын окуу курстары боюнча булактаануучулук жана библиографиялык серепти түзө билет;
КК8 жалпы билим берүү жана орто окуу жайларынын окуу процессинде ассистенттик кызматты аткарууда (окутуучунун жетекчилиги алдында) заманбап окуу-уюштуруу усулдарын жана тарбиялоо принциптерин колдонот; окуучулардын өз алдынча сабактарын уюштура алат жана окуудан сырткаркы иш-чараларды өткөрө алат.
КК9 практикалык иш-аракеттерде теологиялык негиздерди, принциптерди, усулдарды жана ушул иш-аракеттердин ар кандай формаларын колдонот;
КК10 кесиптик иш-аракеттер объекттерине ылайык материалдарды тандайт, тутумдаштырат жана талдайт;
КК11 так теологиялык экспертттик-консультациялык маселелерди чечүүдө талдоонун натыйжаларын пайдаланат;
КК12 конфессиянын практикалык иш-аракеттерине катыша алат жана бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдоно алат;
КК13 тарых, типология жана өз ара мамилелердин актуалдуу көйгөйлөрү жаатында билимдерин диний уюмдарда гана эмес, диндер аралык, маданий (цивилизациялык), коомдук, мамлекеттик жана илимий контексттерде да колдонот;
КК14 жогоруда аталган билимдерди диний уюмдардын катышуусу менен координациялык түзүмдөрдүн ишинде, ошондой эле теологдун кесиптик иш-аракеттеринин бардык жаатында өкүлчүлүктүү-ортомчулук иш- милдеттерди жүзөгө ашырууда колдонот.
30. Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик программасы төмөнкү окуу циклдерин үйрөнүүнү карайт:
1) жалпыгуманитардык цикл;
2) математикалык жана табият таануучулук цикл;
3) кесиптик цикл;
4) практика;
5) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;
6) дене тарбия.
Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасы ушул Мамлекеттик билим берүү стандартына тиркелүүчү түзүмгө ылайык иштелип чыгат.
31. Сабактардын ар бир цикли базалык (милдеттүү) жана вариативдүү бөлүктргө ээ болушу керек. Элективдүү бөлүк студенттерге базалык бөлүктүн сабактарын камтуу менен аныкталган билимдерин, ыктарын жана көндүмдөрүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө тийиш. Элективдүү бөлүк орто кесиптик окуу жайы тарабынан ишке ашырылуучу кесиптик билим берүү программасынын өзгөчөлүгүнө жараша белгиленет.
32. Адистиктин негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу окутулуучу сабактардын профилине ылайык келген базалык билими бар жана дайыма илимий жана/же илимий-усулдук иш-аракеттер менен алектенген педагогикалык кадрлар тарабынан камсыздалышы керек.
Кесиптик циклдин окутуучулары теология же дин таануу боюнча жогорку кесиптик билимге ээ болууга тийиш.
Билим берүү программасынын окутуучуларынын жалпы санына штаттык окутуучулардын үлүшү 80%дан кем эмес бөлүгүн түзүшү керек. Окутуучу/студент өз ара мамилеси 1:12ден ашпоосу керек.
33. Адистиктин негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу негизги кесиптик билим берүү программасынын сабактарынын толук тизмеги боюнча түзүлгөн маалыматтар базасына жана китепкана фонддоруна ар бир студенттин жетүүсү менен камсыздалынышы керек. Орто кесиптик билим берүүнүн программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун билим берүү программасы түзүлүүчү компетенцияларды эске алуу менен лабораториялык практикумдарды жана практикалык сабактарды камтуусу зарыл.
Студенттердин негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыздалынышы 1 студентке 0,5 нуска ченемине ылайык келиши керек. Окуу
маалыматтарынын булактары заманбап талаптарга жооп берүүсү абзел. Билим берүү процессинде мыйзам чыгаруучу актылар, ченемдик документтер, мезгилдүү басылмалардын кесипке багытталган материалдары колдонулушу керек.
ОКББ МББСнын талаптарынын негизинде милдеттүү окуу куралдары жана усулдук колдонмолор жумушчу программалар менен аныкталат. Окуу куралдары катары лекциялардын конспекттеринин тираждалган нускалары, электрондук окуу куралдары колдонулат.
Окуу жана окуу-усулдук адабият төмөнкүлөр боюнча болушу абзел:
- акыркы 5 жылда чыгарылган гуманитардык жана социалдык- гуманитардык сабактар боюнча;
- акыркы 10 жылда басылып чыккан математикалык жана табигый- илимий, кесиптик атайын сабактар.
Аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу үчүн электрондук окуу-усулдук камсыздоо 100% түзүүгө тийиш.
34. 050717-“Теология”адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунда колдонуудагы санитардык жана өрткө каршы эрежелер менен ченемдерге ылайык келген орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун окуу планы менен каралган студенттерди лабораториялык, дисциплиналык жана дисциплина аралык даярдоонун, практикалык даярдоонун бардык түрүн жүргүзүүнү камсыз кылган материалдык-техникалык база болуусу зарыл. Сабактардын эки нөөмөттүүлүгүн эске алуу менен бир студентке пайдалуу аянт 7 чарчы метрден кем эмес болууга тийиш.
а) жалпы билим берүү циклин ишке ашыруу үчүн:
- Кыргыз тили жана кыргыз адабияты (көрсөтмө окуу куралдары, сөздүк);
- Орус тили жана орус адабияты (көрсөтмө окуу куралдары, сөздүк);
- Чет тили (көрсөтмө окуу куралдары, сөздүк, интернетке туташтырылган жеке компьютер (1:12));
- Математика (көрсөтмө окуу куралдары);
- Информатика (көрсөтмө окуу куралдары, сөздүк, жеке компьютер (1:12));
- Кыргызстан тарыхы (көрсөтмө окуу куралдары);
- Манас таануу (көрсөтмө окуу куралдары, «Манастын» бардык томдору);
- Тарых (көрсөтмө окуу куралдары);
- Кыргызстан географиясы (көрсөтмө окуу куралдары, дүйнөнүн картасы);
- Экологиянын негиздери (көрсөтмө окуу куралдары);
- Физика (көрсөтмө окуу куралдары, приборлор);
- Химия (көрсөтмө окуу куралдары, приборлор);
- АЧД (көрсөтмө окуу куралдары);
- Социалдык-экономикалык сабактар (көрсөтмө окуу куралдары).
- Сабактардын тренингдери үчүн студиялар;
- Ресурстук борборлор;
- көрсөтмө окуу куралдары, бардык теологиялык сабактар боюнча сөздүктөр).
- Спорттук зал;
- Китепкана (электрондук китепкана), интернет байланышы бар окуу залы (1:12));
- Жыйындар залы;
- Ашкана;
- Медпункт.
35. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлган талаптар Министрлер кабинетинин 2012-жылдын 4- июлундагы № 470 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобосун эске алуу менен орто кесиптик окуу жайы тарабынан аныкталган.
1-тиркеме
Орто кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик окуу циклдери |
Билим берүү прогроаммасынын |
|||||
1 жыл 10-ай |
2 жыл 6-ай |
2 жыл 10- ай |
3 жыл 6- ай |
3 жыл 10- ай |
||
Блок 1 |
I. Жалпы гумманитардык цикл II. Математикалык жана табият таануучу т цикл III. Кесиптик цикл |
99 |
- |
- |
- |
- |
Дене тарбия жумасына 2 сааттан |
1-5 |
- |
- |
- |
- |
|
Блок 2 |
Практикалар |
15 |
- |
- |
- |
- |
Блок 3 |
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация |
6 |
- |
- |
- |
- |
Жалпы эмгек жүктөмү ОКББ НКББП |
120 |
- |
- |
- |
- |
2-тиркеме
Квалификациясы : Теолог
Адистиги: 050717 – “Теология” Квалификациясы: Теолог Окуутунун ченемдик мөөнөтү:11-класстын базасында 1 ж. 10 ай.
9-класстын базасында 2 ж. 10 ай.
№ |
Окуу сабактарынын аталышы (анын ичинен практикалардын) |
Эмгек жүктөмү |
Семестр боюнча бөлүнүшү |
||||||
жалпы |
сааттар |
1 курс |
2 курс |
3 курс |
|||||
Кредиттер боюнча |
Сааттар боюнча |
1 сем |
2 сем |
3 сем |
4 сем |
5 сем |
6 сем |
||
20- жума |
20-жума |
14-жума |
15- жума |
16- жума |
15-жума |
||||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
9 |
10 |
БЛОК 1 |
|||||||||
1. ЖАЛПЫ ГУМАНИТАРДЫК ЦИКЛ |
|||||||||
Базалык бөлүк |
15 |
450 |
|||||||
1.1 |
Кыргыз тили жана адабияты |
3 |
90 |
х |
|||||
1.2 |
Орус тили |
2 |
60 |
х |
|||||
1.3 |
Чет тили |
2 |
60 |
х |
|||||
1.4 |
Манас таануу |
4 |
120 |
х |
|||||
1.5 |
Кыргызстан тарыхы |
2 |
60 |
х |
|||||
1.6 |
Кыргызстан географиясы |
2 |
60 |
х |
|||||
Элективдик бөлүк |
3 |
90 |
|||||||
Жалпы 1 |
18 |
540 |
0 |
0 |
12 |
6 |
0 |
0 |
|
2. МАТЕМАТИКАЛЫК ЖАНА ТАБИЯТ ТААНУУЧУ ЦИКЛ |
|||||||||
Базалык бөлүк |
4 |
120 |
|||||||
2.1 |
Кесиптик математика |
2 |
60 |
х |
|||||
2.2 |
Информатика |
2 |
60 |
х |
|||||
Элективдик бөлүк |
2 |
60 |
х |
||||||
Жалпы 2 |
6 |
180 |
0 |
0 |
6 |
0 |
0 |
0 |
|
3. КЕСИПТИК ЦИКЛ |
|||||||||
Базалык бөлүк |
30 |
1050 |
|||||||
3.1 |
Кесиптик тил (Араб тили) |
6 |
180 |
х |
х |
||||
3.2 |
Ыйык китепти үйрөнүү (Ыйык Куранды үйрөнү) |
8 |
240 |
х |
х |
х |
3.3 |
Ишеним окуусу (акыйда) |
4 |
150 |
х |
х |
||||
3.4 |
Ислам укугу |
4 |
120 |
х |
|||||
3.5 |
Пайгамбардын санат сөздөрү |
4 |
120 |
х |
х |
||||
3.6 |
Ыйык китепти чечмелөө(Куранды чечмелөө) |
4 |
120 |
х |
х |
||||
3.2 Элективдик бөлүк |
45 |
1350 |
|||||||
Жалпы 3 |
75 |
2250 |
0 |
0 |
16 |
10 |
30 |
19 |
|
1 БЛОКУ боюнча жалпы |
99 |
2970 |
0 |
0 |
28 |
22 |
30 |
19 |
|
Дене тарбия |
|||||||||
Дене тарбия |
Жумасына 2 сааттан |
||||||||
БЛОК 2 |
|||||||||
ПРАКТИКАЛАР |
15 |
450 |
|||||||
1 |
Окуу-таанышуу практикасы |
2 |
60 |
х |
|||||
2 |
Өндүрүштүк практика |
6 |
180 |
х |
|||||
3 |
Кесиптик (квалификациялык) практика |
7 |
210 |
х |
|||||
2 БЛОК боюнча жалпы |
15 |
450 |
0 |
0 |
2 |
6 |
0 |
7 |
|
БЛОК 3 |
|||||||||
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация |
6 |
180 |
|||||||
1 |
Кыргыз тили жана адабияты, Кыргызстан тарыхы жана Кыргызстан географиясы |
2 |
60 |
х |
|||||
2 |
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация |
4 |
120 |
х |
|||||
3 БЛОКУ боюнча жалпы |
6 |
180 |
0 |
0 |
0 |
2 |
0 |
4 |
|
Негизги билим берүү программасынын жалпы эмгек жүктөмү |
120 |
3600 |
30 |
30 |
30 |
30 |
|||
Экзамендердин саны |
39 |
10 |
11 |
10 |
8 |
050717 – “Теология”адистиги боюнча азыркы стандарт И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базалык билим берүү мекемесинин - Теологиялык колледжинин алдында ОКБ МБС иштеп чыгуу боюнча окуу-усулдук кеңеши тарабынан иштелип чыккан.
ОУК төрагасы,И.Арабаев атындагы КМУнун проректору, математика илимдеринин кандидаты,
доцент Бексултанов Ж.Т.
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Зайниев Р.А.
ОУБ төрагасы,педагогика илимдеринин
кандидаты Толоев М.Ж.
Преподаватель Тажиматова Г.К
ОУК мүчөлөрү:
1. Теология боюнча
философия доктору Мурзараимов Б.А.
2. Теология боюнча
философия доктору Базаркулов С.Ө.
3. Теология боюнча
философия доктору Козукулов Т.А.
4. Эл аралык укук илимдеринин
доктору, доценттин м.а. Исмаилов А.А.
5. Старший преподаватель Шамралиев Н.Б.