Студенттик кеңеш
Факультеттин студенттик кеңешмеси ОшМУнун жаштар Комитеттинин уставына ылайык түзүлүп, анын негизинде жылдык планы иштелип, деканат тарабынан бекитилген. Студенттердин маданий жашоосун акивдештирүү максатында “Студенттик кеңеш” иш алып барат. Студенттик кеңеш тарабынан социалдык-маданий иш чаралар өткөрүлүп, илимий-саясий диний темаларда талкуу маектер уюштурулат.
Факультеттин студенттик кеңешмеси студенттер арасында маданий массалык иштерди алып баруу менен, факультеттин социалдык турмушун жандандырууга, тарбиялык иштерди жүргүзүүгө, алардын сапатын жакшыртууга салымын кошот. Студенттер жалпы жогорку окуу жайлар аралык, университеттеги факультеттер аралык КВН, диспут, конкурс, мелдештерде жана студенттик конференцияларда активдүүлүгүн көрсөтүп, алгылыктуу ийгиликтерди жаратышкан. Мисалы, спорттун түрлөрү боюнча ЖОЖдор аралык, райондор аралык жана зоналык мелдештерде байгелүү орундарга жетишишип, бир нече жолу кубоктор, баалуу сыйлыктар, жана грамоталар менен сыйланышкан. ОшМУда өткөрүлгөн студенттердин илимий-практикалык конференциясында студенттер 1-2-даражадагы дипломдор менен сыйланышкан.
1. 2017- жылдын 24-ноябрь күнү 2017-жыл Ош Мамлекеттик Университетинин «Адамдык мамилелерди өнүктүрүү» жылына карата ОшМУнун теология факультетинде өткөрүлгөн «Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин ролу» аттуу студенттик илимий семинарга Арашан Гуманитардык Институнун Дин таануу факультетинин окутуучусу Тагаев Майрамбектин жетекчилигинде 4-курстун студенттеринен Акпарали уулу Алибек, Алибек уулу Соонунбек, Абжапаров Бобурмирзо, Юлбарсов Мирлан катышып келди. Аталган илимий семинарда студенттерибизден Акпарали уулу Алибек “Улуттар аралык мамилени чыңдоодо диндин орду” ал эми Алибек уулу Соонунбек «Аз. Пайгамбарыбыздын адамдарга кылган мамилеси» аталышындагы докладдарын сунушуп, катышуучулардын кызыктуу суроолоруна жооп беришип, сертификатка ээ болушту. Аталган илимий иш чара «Кыргызстанда диний абал жана теологдордун орду» деген теманын алкагында уюштурулган тегерек стол менен уланып анда студенттер өз ара пикир алышып, суроо-жооптор негизинде ар кандай ой пикир жана сунуштар айтылды. Илимий иш чаранын экинчи күнүндө ОшМУнун ректораты жана Ош шаарындагы белгилүү тарыхый жайларга саякат уюштурулду. Саякат учурунда студенттер ОшМУнун биринчи проректору Авазбек уулу Расул агайдын кабылдоосунда болушуп, Ош МУнун музейи менен таанышып, университеттин тарыхы, илимий иш арекеттери туурасында кеңири маалымат алуу менен суроолоруна да жоопторду алышты. (http://www.oshsu.kg/news/new/?lg=2&id_parent=78&id2=7000&list=1)
2. 2017-жылдын 29-ноябрында ОшМУда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IV аймактык студенттик илимий конференцияга Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттери Джапаркулов Иззатбек, Тууганбаев Нурбек, Исабаев Шухратжан, Каламбек уулу Элдияр, Зиевиддинов Хушбек жана Аттокур уулу Сапарали катышып келди. Пленардык жыйында Тууганбаев Нурбек «Светтик мамлекетте исламдын орду» деген темада өз баяндамасын жасады. Илимий конференциянын соңунда Джапаркулов Иззатбек жана Тууганбаев Нурбек I даражадагы Диплом менен, ошондой эле «Коомдук илимдер жана дин таануу» багыты боюнча Исабаев Шухратжан жана Каламбек уулу Элдияр III даражадагы Диплом менен сыйланды. (http://www.oshsu.kg/news/new/?lg=2&id_parent=78&id2=7001&list=1)
3. 2018-жылдын 24-апрелде “Адамдык асыл сапаттарды калыптандырууда диний баалуулуктардын ролу” факультеттин студенттери арасында студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлүп:
1. Шамов Иноятулло – “Кыргыз макал-лакаптарындагы диний мотивдер”.
2. Аттокур уулу Сапарали – “Кыргыз акындарынын тарбиялык маанидеги ыр саптары”.
3. Калдарбек уулу Бектур – “Жаштарды адептүүлүккө тарбиялоодо диндин орду”.
4. Халиков Рустам – “Убакытты туура пайдалануу – адам баласынын жашоосун жөнгө салуунун жолдорунун бири” аттуу темаларда доклаттарын окушуп сертификаттарга ээ болушту. (http://www.oshsu.kg/news/new/?lg=2&id_parent=78&id2=8271&list=1)
4. 2018-жылдын 25- апрелде “Адамдык мамилелерди өнүктүрүүдө диндин орду” аттуу темада Кыргызстандагы дин таануу жана теология факультетинин студенттери арасында студенттик илимий-практикалык конференциясы болду, конференцияга ОшМУнун теология факультетинен доцент Арипов Н. жетектеп келген студенттер, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин жана дин таануу факультетинин студенттери катышып доклаттарын окушту:
1. Имат уулу Айтбай «Улуттук аралык биримдикти чыңдоо» ОшМУнун теология факультетинин 4-курсунун студенти.
2. Амантур уулу Арзыбек «Жаштарды тарбиялоодо диндин орду» Кыргыз-Түрк Манас университети теология факультетинин 3-курс студенти.
3. Джапаркулов Иззатбек «Социалдык тармактардын терс таасиринен коргонуудан Ислам динин орду» АГИнин дин таануу факультетинин 4-курсунун студенти.
4. Тилеккабыл уулу Адил «Келечек муунду кайдыгерлик жана үмүтсүздүктөн куткаруунун жол-жобосу» Кыргыз-Түрк Манас университети теология факультетинин 3-курсунун студенти.
5. Туран уулу Жанузак «Дин менен улуттук баалуулуктардын айкалышы» ОшМУнун теология факультетинин 3-курсунун студенти.
6. Мамадияр уулу Муратали «Жаш үй-бүлөлөрдүн бузулуусунун себептери жана алдын алуу жолдору» Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мам-к университетинин теология кафедрасынын студенти
7. Карагулов Жаныбек «Келечек муунду кайдыгерлик жана үмүтсүздүктөн куткарууда диндин орду» АГИнин дин таануу факультетинин 2-курсунун студенти.
8. Абдукадыр кызы Бухамида «Жаштар арасындагы суициддин алдын алууда диндин ролу» Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мам-к университетинин теология кафедрасынын студенти
9. Султанов Артур «Куран жана табигый илимдер» Кыргыз-Түрк Манас университети теология факультетинин 1-курсунун студенти.
(http://www.oshsu.kg/news/new/?lg=2&id_parent=78&id2=8271&list=1)
5. 2018-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк Манас Университетинин теология факультетинде өткөрүлгөн «Жаштар жана Дин» аттуу студенттик илимий семинар уюштурулуп:
1. Джапаркулов Иззатбек «Социалдык тармактардын терс таасиринен коргонуудан Ислам динин орду»
2. Карагулов Жаныбек «Келечек муунду кайдыгерлик жана үмүтсүздүктөн куткарууда диндин орду» деген темаларда доклаттарын окушуп сертификаттарга ээ болушту.
6. 2018-жылдын 26-апрелинде И. Арабаев атындагы КМУнун Теология кафедрасында «Кыргызстанда диний абал жана теологдордун орду» аттуу тегерек столго студенттик кеңеш катышып келди.
7. Теология факультеттеринин студенттик кеңеши тарабынан 2018-жылдын 14-майда И. Арабаев атындагы КМУ гуманитардык билим берүү факультетинде 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата Бишкек шаарындагы Теология багытында окуган студенттердин достукту, ынтымакты бекемдөө максатында «Илим-билим» аттуу таймаш ушютурулду.
8. Студенттер арасында таанышууну камсыз кылуу, илимий социалдык жана маданий карым-катнашты күчөтүү жана сергек жашоого үндөө максатында ар кандай иш аракеттер өткөрүлүп келет. Мына ушул максатта институттун спорт комплексинде жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келген спорттун волейбол жана футбол оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин командасы, 2-орун ОшМУ теология факультети, 3-орун КТМУ теология факультети жеңүүчү болсо, футбол боюнча 1-орун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин командасы, 2-орун ОшМУ теология факультети, 3-орун КТМУ теология факультети багынтышты. Ошондой эле мыкты чабуулчу жана коргоочу оюнчуларга диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
(
http://www.oshsu.kg/news/new/?lg=2&id_parent=78&id2=8287&list=1)