ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун жамааты аккредитацияга даярдык көрүү боюнча семинар-тренингге катышып сертификат алышты

2017-03-27 12:45:34 3

Арашан гуманитардык институтунун профессордук-окутуучулук курамы үстүбүздөгү жылдын 23-24-март күндөрү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ББПУАА) тарабынан уюштурулган «Көз карандысыз аккредитацияга даярдануунун алкагында өзүн-өзү баалоо боюнча отчет жазуунун өзгөчөлүктөрү» жана «Сырткы баалоо» боюнча семинар-тренингге катышып, сертификат алышты.