Курбан айтыңыздар менен!

2016-09-10 10:23:37 4

Урматтуу ОшМУнун жамааты жана Кыргызстандыктар! Сиздерди Мусулмандардын улуу майрамдарынын бири болгон Курбан айтыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз. Жараткан өлкөбүзгө өсүп өнүгүү, туруктуулук берип, элибизге биримдик, ынтымак ыроолосун. Ар бир үй-бүлөгө эсендик, бакыт берип, дүйнөдө эч качан согуш болбосун. Ажылык ибадатын аткаруу үчүн кеткен мекендештерибиздин тилектерин Жараткан кабыл кылып, ама-эсен мекенге кайтып келишсин. Таарынычтар жазылып, чалынган курбандыктарды муктаж жардыларга таратып, кубанчыбызды тең бөлүшөлү. Курман айтыңыздар маарек болсун - АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК ИНСТИТУТУНУН ЖАЛПЫ ЖАМААТЫ.