АГИде семинар өттү

2016-05-10 16:20:13 2

Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Арашан гуманитардык институтунун конференция залында 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Хусейин ЧЕЛИК «Исламда жихад түшүнүгү» деген темада семинар өттү. Семинарга жалпы профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Семинар катышуучулар тарабынан берилген суроо-жооп менен аяктады.