АГИде семинар өткөрүлдү

2016-04-19 11:47:22 3

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин конференция залында Ислам илимий изилдөө институтунун директору, дин социологиясынын доктору Мырзабаев Маметбек «Кыргызстандагы диний радикалдуу уюмдар жана алардын иш аракеттери» деген темада семинар өткөрдү. Семинарда Кыргызстанда тыюу салынган радикалдуу уюмдар жана алардын жүргүзүп жаткан иш аракеттери тууралуу кеңири маалымат берилип, Кыргызстанда тынчтыктын, туруктуулуктун жана коопсуздуктун сакталышында жана радикалдашуунун алдын алууда илим-билимдүү адистердин, өзгөчө дин таануучулардын, теологдордун орду жана ролу өтө маанилүү экендигин баса белгилеп өттү. Семинар студенттердин суроо-жооптору менен аягына чыкты.