2016-04-19 11:40:59 4
Үстүбүздөгү жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында Кожомкул спорт сарайында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчилиги тарабынан уюштурулган «Куттуу жумалык» иш чарасы болуп өттү. Куттуу жумалыкка Арашан гуманитардык институтунун жалпы окутуучулар жамааты жана студенттери катышып, дин таануу факультетинин деканы доц. С. Базаркулов куттуктоо сөз сүйлөдү. Аземдин салтанаттуу программасын даярдоого Арашан гуманитардык институтунун окутуучулары жана студенттери да активдүү катышып, жогорку деңгээлде өтүүсүнө чоң салым кошту. Соңунда келгендерге "Куттуу жумалык" палоосу берилди.