АГИде көркөм окуу жарышы өттү

2016-03-18 12:18:15 3

Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде «Куран окуу» боюнча жарыштын финалдык туру болуп өттү. Финалдык турга 10 студент катышып, атайын чакырылган коноктор, факультетибиздин профессордук-окутуучулар жамааты жана жалпы студенттери күбө болушту. Калыстар тобунунун төрагасы Туркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчисинин өкүлү Хусейин Йылмаз, мүчөлөрү Байрам Козан жана К. Айдарбеков болду. Жарыштын аягында 1-2-3-орунга татыктуу болгон жеңүүчүлөргө дипломдор жана жалпы катышуучуларга сертификаттар, баалуу сыйлыктар берилди. Аягында декан С. Базаркулов жеңүүчүлөрдү куттуктап, жарышты уюштуруучуларга жана жалпы келген конокторго терең ыраазычылыгын билдирди.