АГИнин окутуучусу Алматы шаарында тегерек столдо

2016-03-11 12:17:57 2

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу кафедрасынын окутуучусу док. Мырзабаев Маметбек Казакстан Республикасынын Астана шаарында болуп өткөн «Миграциянын коомдук-экономикалык натыйжалары: мигранттардын туруштук бере албагандыгы жана Борбордук Азияда интеграция муктаждыгы» аттуу жогорку денгээлдеги тегерек столго катышып, баяндама жасап келди. Тегерек столго Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан мамлекеттик уюмдардын, коомдук бирикмелердин, диний жамааттардын жана эл аралык эксперттердин өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун максаты Борбордук Азиядагы жөнгө салынбаган миграция, эмгек миграциясы, адам сатуу, мигранттардын укугу сыяктуу актуалдуу проблемаларды талкуулоо жана жөнгө салуу болду.