АГИде аялдарды куттуктоо аземи өттү

2016-03-05 14:02:05 3

Үстүбүздөгү жылдын 4-мартында факультетибиздин конференция залында «Эл аралык аялдар күнүнө» карата чакан майрамдык кече өткөрүлдү. Алгач кечени факультетибиздин деканы доцент Сайфулла Базаркулов сөз баштап ачып эжекелерди алдыда келе жаткан майрамдары менен өзүнүн жана жалпы окутуучулар жамаатынын атынан куттуктап, каалоолорун айтып өттү. Майрамдык кеченин жүрүшүндө факультетибиздин студенттик кеңештин төрагасы Кылычбек уулу Ислам сөзгө чыгып эжелерди майрамы менен жалпы студенттердин атынан куттуктады. Кече студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолуп белектерди берүү тапшыруу менен аяктады.