АГИде конференция

2016-03-05 13:55:51 2

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин конференция залында Ислам илимий изилдөө институтунун директору, дин социологиясы боюнча илимдин доктору Маметбек Мырзабаев «Борбор Азиялык мигранттардын радикалдашуусу» деген темада конференция өткөрдү. Конференцияда Сирияга кетүүнүн тенденциялары, радикалдашуунун симптомдору жана радикалдашуунун алдын алуу чаралары тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан сырткары, дүйнөдөгү экстремисттик кыймылдар жана алардын дүйнө коомчулугуна, анын ичинде Кыргызстандагы диний абалга тийгизген таасири тууралуу сөз кылды. Ошондой эле, Кыргызстанда тынчтыктын, туруктуулуктун жана коопсуздуктун сакталышында жана радикалдашуунун алдын алууда илим-билимдүү адистердин, айрыкча дин таануучулардын орду жана ролу өтө маанилүү экендигин баса белгилеп өттү. Конференция студенттердин суроо-жооптору менен аягына чыкты.