АГИнин студенттери Нарын шаарында

2016-03-05 13:50:32 2

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралынан 1-мартка чейин Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин 3-курстун студенттери Абдылдаев К., Качкынбаев Ж. жана Султанов Э. Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын алкагында Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы; №1 Кычан Жакыпов атындагы орто мектеби; №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеби; №4 Эсенгул Ибраев атындагы орто мектеби; №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектеби; №10 Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектептеринде Нарын шаардык казыятынын жана ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирдикте “Кыргызстанда тыюу салынган диний агымдар жана уюмдар” аттуу 8-9-10-11-класстарга семинар өтүп келишти. Семинарга Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Соцфонддун өкүлдөрү да катышты.