АГИге ОшМУ теология факультетинен зыярат

2016-03-01 11:14:25 6

2016-жылдын 26-февралында ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары доц. док. Ферхат Гөкче жана Туркия Диянет Вакфынын өкүлү Иса Гүмүш Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетин зыярат кылды. Зыярат учурунда Ферхат Гөкче факультеттин окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту. Жолугушууда Ферхат Гөкче ОшМУнун теология факультети тарабынан даярдалган китептер боюнча сөз кылып, АГИге кыргыз тилиндеги китептерди белек кылды. Факультеттин деканы С. Базаркулов Ферхат Гөкчеге терең ыраазычылык билдирип, ОшМУнун теология факультетинин өнүгүүсүндө салымы чон экендигине токтолуп, каалоо тилектерин айтты.