2016-01-07 09:54:28 5
2015-жылдын 30-декабрында АГИнин конференция залында 2015-2016-окуу жылынын 1-семестринин жыйынтыктоочу жыйын болуп өттү. Алгач сөздү факультеттин деканы, дин таануу и. д., доцент С. Базаркулов баштап, факультеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамаатын жана студенттерин 2015-2016-окуу жылынын 1-семестирин ийгиликтүү аяктап алуулары менен куттуктап, 1-2-3-курстун студенттерин алдыдагы практикаларында ийгилик каалады. Жыйындын жүрүшүндө мыкты окуган, «үлгүлүү жатакана комнатасы» ж.б.у.с. түрдүү аталыштарда институтут жетекчилиги жана «Асыл Кенч» коомдук фонду тарабынан студенттерге стипендия берилди. Ошондой эле, 2015-жылдын 16-декабрында факультеттин студенттери ортосунда болуп өткөн «Билимдүү жаштар» аттуу интеллектуалдык таймаштын жеңүүчү командаларга факультет жана студенттик кеңеш тарабынан сый-белектер тапшырылды. Жыйынтык сөздү окуу иштери боюнча декандын орун басары, доцент А. Эрматов сүйлөп, факультеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамаатына жана студенттерине куттуктоо жана каалоолорду айтып өттү.