2025-03-20 04:17:36 15
10.10.2023 АГИнин студенттери үчүн уюштурулган кезектеги семинарыбыздын коногу инфопродюсер, сатуу психологиясы боюнча тренер Акматкулов Жанузак Омурбекович болду. Жанузак мырза "Сатуунун жашоодогу орду" деген темада кызыктуу семинар- тренинг өтүп берди. Өзгөчө алган билимин кантип элге жеткирүү керек. Канткенде туура, таамай сүйлөп угуучуну өзүңө тартуу керек жана сүрдү канткенде жеңип, тартынбай сүйлөө жөндөмүнө жетебиз деген темаларда маанилүү маалыматтары, тажрыйбалары менен бөлүштү. Терең ыраазычылык билдиребиз.