2025-03-20 04:12:50 16
АГИде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Теологиялык колледждин 3-курстары жана бакалаврдын 4-курстары менен коштошуу кечеси уюштурулду. Кечеде бүтүрүүчүлөрүбүзгө карата жакшы каалоо тилектер айтылып, белектер жана жакшы окуган студенттерге ардак грамота менен бирге окуу жайдын стипендиясы тапшырылды. Ошондой эле мыкты бүтүрүүчү наамын алгандарга бүтүрүүчүлөр тарабынан негизделген Асыл Кенч коомдук фондунун стипендиясы ыйгарылды. Сүйүктүү бүтүрүүчүлөрүбүз! Келечегиңер кең болсун! Ар дайым элибизге, жерибизге, динибизге кызмат кылган эр азаматтардын катарында болгула!