2025-03-20 04:05:11 14
2023-жылдын 23-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Масалиев Абдиманап каары жана Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Бахадыр Алиоглу факультетибизди зыярат кылышты. Зыяраттын алкагында окуу жайыбыздын конференц залында чакан жолугушуу уюштурулуп, институтубуздун жалпы жамаатына жылуу кеп-кеңештерин айтып өтүштү жана ушул окуу жайдын азыркы абалына келишине себепчи болгон, АГИнин негиздөөчүсү Шамилов Рашид агайга да терең ыраазычылыгын билдиришти. Ошондой эле, билим берүүдө көрсөткөн мээнети үчүн Рашид агайыбызга Масалиев Абдинамап каары тарабынан Аалымдар Кеңешинин Ардак Грамотасы ыйгарылды. Жолугушуунун жыйынтыгында келген кадырлуу конокторго да факультеттин жетекчилиги тарабынан чакан белектер тапшырылды.