2025-03-20 03:19:25 67
2022-жылдын 22-октябрь күнү экс-муфтий Муратаалы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний окуу жайлар жана уюмдар аралык спорттук мелдеш болуп өттү. Мелдеште спорттун футбол жана волейбол түрү боюнча Арашан гуманитардык институтунун студенттери да күч сынашып, волейбол боюнча курама командабыз 1-орунду ээлешти. Спорттук мелдешке катышкан жалпы студенттерибизди куттуктайбыз.