2025-03-20 02:45:48 7
Бүгүн (22-июнь, 2022-жыл), Арашан гуманитардык институтунда Дин таануу факультетинин жана теологиялык кесиптик орто билим берүү колледжинин бүтүрүүчүлөрү үчүн арналган чакан кече уюштурулду. Программада жетекчилик, кураторлор, студенттер жана ата-энелер сөз сүйлөп, окуу жылы ичинде окуу-тарбия иштери, маданий иштер жана спорттук мелдештерде ийгиликтерди багынткан студенттерге грамота, диплом жана сыйлыктар тапшырылды. Өзгөчө, окуу-тарбия жаатында ийгиликтерди багынткан 21 студентке, билим алууда мотивациялоо жана шыктандыруу максатында колледжибиздин мурдагы бүтүрүүчүлөрүнөн Амиров Абай тарабынан стипендия берилди. Абайга терең ыраазычылык билдиребиз жана бүтүрүүчүлөрүбүзгө мындан аркы жашоосунда ийгилик каалайбыз!