АГИнин директору студенттер менен жолугушуу өткөрдү

2015-12-14 10:38:04 3

2015-жылдын 11-декабрында Арашан гуманитардык институнун дин таануу факультетинин конференция залында Арашан гуманитардык институттун директору п.и.к.доц. Жоробеков Темир Астаевич студенттер менен жолугушуу өткөзүп, I – жарым жылдык окуу жылы боюнча институтта болгон иш чаралар, институттун, факультеттин тарыхы жана келечеги боюнча сөз кылды. Ошону менен бирге өлкөбүздө дин таануучу адистердин иштешине шарт түзүлүп жатканын айтып, студенттердин окууга болгон шыгына шык кошту. Директор өз сөзүндө бүгүнкү күндө болуп жаткан диний-саясий кырдаалдарга токтолуп өттү. Жолугушуу студенттердин суроо-жооптору менен аяктады.