АГИде Мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоочу конференция болуп өттү

2015-12-14 09:16:44 4

2015-жылдын 10-декабрында АГИнин Дин таануу факультетинин конференция залында факультеттин 5-курстарынын мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга институттун директору п.и.к., доц. Т. Жоробеков, директордун орун басары Р. Шамилов, факультеттин деканы С. Базаркулов, доц. А. Эрматов, жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова, дин таануу кафедрасынын башчысы К. Айдарбеков жана жалпы окутуучулар жамааты менен студенттер катышты. Алгач институттун директору Т. Жоробеков сөз сүйлөп, мамлекеттик педагогикалык практиканы ийгиликтүү аяктагыны үчүн студенттерди куттуктап, мындан ары да окууларына ийгилик каалады. Конференциянын жүрүшүндө cтуденттер кезеги менен педпрактика учурунда өткөргөн сабактары боюнча презентация жасашты. Студенттер практикада негизги ишинен тышкары мектептин ар кандай маданий иш чараларына катышып, окуучулар арасында программаларды уюштуруу иштери менен да алектенип, предметтер үчүн көргөзмө куралдарды даярдап, класс жетекчилерге жардам бергендерин белгилешти. Конференциянын соңунда факультеттин жетекчилиги тарабынан практикадагы ийгиликтер менен катар жетишпестиктер да сөзгө алынып, аларды жоюу боюнча алдыдагы окуу жылында эске алынуусу тиешелүү жактарга айтылды.