АГИде конференция

2015-12-08 12:26:11 6

Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин конференция залында институттун жетекчиси Р. Ш. Шамилов «Бүгүңкү күндө дүйнөдө болуп жаткан конфликттер жана Орто Азиядагы абал» деген темада конференция өттү. Р. Ш. Шамилов конференцияда азыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан конфликттердин себептерине токтолуп, аларды жөнгө салуунун жана алдын алуунун жолдору туурасында сөз козгоду. Ошону менен бирге, Жакыңкы Чыгыштагы абалдын дүйнөгө жана Кыргызстанга тийгизген таасирлери жөнүндө сөз кылды. Конференция суроо-жооптор менен аяктады.