АГИде Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин профессору семинар өттү

2015-12-02 15:31:26 4

2015-жылдын 9-ноябрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин конференция залында Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин профессору Мехмет Эрдем окутуучулар жамааты жана жалпы студенттер үчүн «Ханафий мазхабы жана анын негизги өзгөчөлүктөрү» деген темада семинар өттү. Семинардын жүрүшүндө профессор М. Эрдем Ислам укугунун илим катары калыптанышы жана укуктук мазхаптардын пайда болушуна токтолуп, Ханафий махзабынын негиздөөчүлөрү жана бул мазхаптын негизги өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди.