АГИде көркөм сөз чеберчилиги боюнча жарыш өткөрүлдү

2015-11-27 11:18:52 6

Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде 2015-жылдын 26-ноябрында студенттер арасында «Көркөм сөз чеберчилиги (Хутба окуу)» боюнча финалдык жарышы өткөрүлдү. Финалдык жарышка 43 студенттин арасынан 10 студент чыкты. Жарыштын сыйлуу конок катары Туркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин Дин Кызматтары боюнча кеңешчиси Орхан Генч жана Билим берүү боюнча кеңешчиси Режеп Сула мырзалар, АГИнин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы студенттер катышты. Ачылышында АГИнин жектекчилери менен бирдикте келген коноктор да куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Жарыштын соңунда жеңүүчүлөргө дипломдор менен бирдикте акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Белгилей кетсек Орхан Генч мырза да жеңүүчүлөргө өзүнүн атынан акчалай сыйлыктарын тапшырды.