2024-11-19 09:22:28 26
Бүгүн (07.12.2021) Арашан гуманитардык институтунун тышкы байланыштар жана тарбия иштери бөлүмдөрүнүн демилгеси менен институттун студенттери үчүн уюштурулган семинарда SİGMA IT компаниясынын негиздөөчүсү, компьютердик инженер Кутбидин уулу Медер "IT деген эмне жана сиз үчүн келечектеги пайдасы" деген темада баяндама жасады жана студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп берди. Семинардын натыйжасында Медер мырзага деканат тарабынан ыраазычылык кат жана чакан белек тапшырылды.