2024-11-19 09:15:43 23
2021-жылдын 23-ноябрь күнү Ош мамлекеттик университети Арашан гуманитардык институтунун Дин таануу факультетинде спорт менен машыгып, сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүү максатында "1-курстарды кабыл алуу күнүнө" карата уюштурулган спорттук мелдештердин (волейбол, футбол, стол тенниси, кол күрөш, шахмат) жыйынтыгы чыгарылды. Натыйжада алдыңкы орундарды ээлеген тайпаларга деканат тарабынан грамота жана сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле республикалык деңгээлде ордо (1-курстун студенти Куттубеков Нурдөөлөт/1-орун) жана грепплинг (3-курстун студенти Иманкулов Марлен / 2-орун) боюнча ийгиликтерге жетишкен студенттерибизге да факультет тарабынан ардак грамота жана белектер тапшырылды. Окутуучулар жамаатына жана студенттерибизге ийгилик каалайбыз. Спорт - ден-соолуктун булагы, ийгилик - ынтымактын башаты.