5-октябрь "Мугалимдер күнүнө" карата

2024-11-19 09:13:04 19

5-октябрь "Мугалимдер күнүнө" карата Арашан гуманитардык институтунун тарбия жана уюштуруу бөлүмү менен бирге Студенттик кеңештин мүчөлөрү тарабынан окутуучуларга арналган чакан майрамдык кече болуп өттү. Аземде факультеттин окуу-тарбия иштерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн окутуучуларга ОшМУнун жана АГИнин ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле жетекчилик тарабынан окутуучуларга арналган чакан белектер берилди.