"Адамзаттын руханий, маданий өнүгүүсүндө диний билим берүүнүн орду"аттуу илим жумалыгы

2024-11-19 08:40:39 23

КРнын президентинин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү" жарлыгына ылайык ОшМУ Арашан гуманитардык институтунда "Адамзаттын руханий, маданий өнүгүүсүндө диний билим берүүнүн орду"аттуу илим жумалыгы 27-апрель күнү башталды. Ачылыш аземинде факультеттин деканы Жусупов М.Г. сөз сүйлөп, кыскача ОшМУнун тарыхы тууралуу айтып берди. Артынан Кыргыз-Түрк Манас университети, Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучусу Джунусалиев Бакытбек агай студенттерди китеп окууга үндөгөн акыл-насааттары менен "Көркөм адабияттын жашообуздагы орду" деген темада баяндама жасады. Баяндаманын артынан студенттердин арасында мурда жарыя кылынган Ислам укугу боюнча китеп окуу жарышы жана Куран Каримди көркөм окуу конкурсу уюштурулду.