2024-11-19 08:20:02 47
Жусупов Майрамбек Ганинович Токмоктогу жаңы салынган Ислам Академиясынын биринчи проректору болуп дайындалды. 2024-жылдын 4-ноябрь күнү КРнын Билим Берүү жана Илим министринин буйругу менен Арашан гуманитардык институту Дин таануу факультетинин мурдагы деканы, философиянын доктору (PhD) доцент, Жусупов Майрамбек Ганинович, Ислам Академиясынын биринчи проректору болуп дайындалды. Факультетибизде 2020-жылдан бери декандык кызматты аркалап келген М.Г. Жусупов, төрт жыл аралыгында факультеттин келечеги жана өнүгүүсү үчүн көптөгөн пайдалуу иштерди жасап калтырды.