АГИнин студенттери “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык студенттик илимий конференцияга катышты

2015-11-25 14:55:19 3

Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттери Калдар уулу Өмүрбек, Сулайманов Алпамыш жана Сарбалиев Арген 2015-жылдын 20-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында илим күнүнө карата жыл сайын уюштурулуп келген “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык студенттик илимий конференцияга катышып келишти. Конференцияда 4-курстун студенти Калдар уулу Өмүрбек пленардык жыйында “Диндин коомдогу орду” баяндама кылса, Сулайманов Алпамыш “Мусулман окумуштууларынын табият таануу илимдерине кошкон салымдары”, Сарбалиев Арген “Адамзат жана экология” деген темаларда баяндама жасашып, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти. Конференциянын жыйынтыгында мыкты баяндамалары үчүн аталган үч студентибизге уюштуруучулар тарабынан I жана II даражадагы дипломдор ыйгарылды. Сыймыктуу студенттерибизге окууларында ийгиликтерди каалайбыз.