АГИнин бүтүрүүчү студенти “Жылдын мыкты жаш демөөрчүсү” наамына ээ болду

2015-11-25 12:45:30 8

2015-жылдын 15-ноябрь күнү АГИнин дин таануу факультетинин 5-курсунун студенти Данияр уулу Досмат Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Талас облустук башкармалыгы, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Талас шаардык мэриясы менен биргеликте Талас облусунда эмгектенген, окуган жаштардын жогорку жетишкендиктери үчүн “Жылдын мыктысы-2015” номинацияларын ыйгаруу аземинде “Жылдын мыкты жаш демөөрчүсү” наамына ээ болду. Данияр уулу Досматты чын дилден кутуктоо менен бирге мындан ары да окууларына, иштерине ийгилик каалайбыз.