АГИде Бишкек шаарындагы теология жана дин таануу факультеттеринин студенттик кеңештин төрагалары жолугушту

2015-11-18 15:39:38 5

2015-жылдын 14-ноябрь күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттик кеңешинин демилгеси менен Бишкек шаарындагы теология жана дин таануу факультеттеринин студенттик кеңештин төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты – факультеттер аралык ынтымакты чыңдоо, жакындан таанышуу менен бирдикте студенттердин алган билимин өркүндөтүү максатында илимий жана маданий, спорттук иш-чараларды бирдикте уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашуу болду. Белгилей кетүүчү жагдай жолугушууга КТМУнун теология факультетинин жана И.Арабаев атындагы КМУнун теология бөлүмүнүн студенттери катышты.