АГИде Аламүдүн районунда диний экстремизмге каршы туруу жана райондо болуп жаткан диний кырдаал боюнча кеңешме болуп өттү

2015-11-18 15:13:22 4

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Арашан гуманитардык институтунун конференция залында Аламүдүн районунда диний экстремизмге каршы туруу, райондо болуп жаткан диний кырдаал, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо, балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, жана жашы жете электердин арасында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Джумашев Самирдин, Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук билим берүү башкармалыгы жана мектеп директорлору, Чүй олбусунун Мусулмандарынын казыятынан жана Аламүдүн райхатиби, айылдык аймак башчылары жана жергиликтүү калк катышты. Кеңешмеде Арашан гуманитардык институтунун жетекчилиги атынан Шамилов Рашид сөз сүйлөп, өлкөдөгү дин таануу жана диний билим берүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Бул багытта Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин ордун баса белгилеп, өлкөдөгү диний билимди жогорулатууда институт тарабынан чоң салым кошуп жатканын айтып өттү. Ошондой эле дин таануу факультетинин окутуучусу, дин социологиясы боюнча илимдин доктору Мырзабаев Маматбек диний радикалдуулукка жана экстремизмге тартылуунун себептери боюнча баяндама кылды.