АГИде Стамбул шаарынын университеттеринен келген профессорлор конференция өттү

2015-11-18 14:48:36 3

2015-жылдын 9-ноябрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультеттин конференция залында Түркия Республикасы Мармара университетинин окутуучусу профессор Өмер Челик жана Стамбул университетинин окутуучусу доцент Абдуллах Хикмет Атан окутуучулар жамааты жана жалпы студенттер үчүн «Дин таануу илимдеринде методология» деген темада конференция беришти. Конференция факультеттин деканы С. Базаркуловдун конокторду тааныштыруу менен башталды. Конференциянын жүрүшүндө илим түшүнүгүнө басым жасалып, студенттердин суроо жооптору менен аягына чыкты. Белгилей кетсек профессор Өмер Челик факультеттин алгачкы деканы болуп эсептелет. Келген конокторго деканат тарабынан ыраазычылык билдирилди.