Кыргызстандагы Туркия Элчилигинин Билим берүү кеңешчиси АГИни зыярат кылды

2015-10-27 09:51:01 4

2015-жылдын 26-октябрында Кыргызстандагы Туркия Элчилигинин жаңы дайындалган Билим берүү кеңешчиси Режеп Сула жана аны коштогон топ АГИни зыярат кылышты. Зыярат учурунда Кеңешчиге АГИнин жетекчилери институттун билим берүү жараяны, келечек пландары жөнүндө айтышып, Туркия Элчилигинин Билим берүү кеңешчилигине институтка кошкон салымы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Өз сөзүндө Режеп Сула боордош эки элдин ортосундагы социалдык-экономикалык жана билим берүү жаатындагы мамилелерди мындан ары да жакшыртууга даяр экендигин билдирип өттү. Билим берүү кеңешчиси Режеп Сулага жоопкерчиликтүү кызматында ийгиликтерди каалайбыз.