АГИде Ош теология факультетинин декандын орун басары конференция берди

2015-10-26 17:54:56 6

2015-жылдын 23-октябрында АГИнин дин таануу факультетинин конференция залында ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары доц. док. Фархат Гөкче «Хадистерде Ислам» аттуу конференция берди. Конференцияда хадистердин ислам дининдеги орду жана маанисине кеңири токтолуп, Туркия Республикасы Диянет Иштер Башкармалыгы жана Диянет Вакфы тарабынан колдоого алынган «Хадистерде Ислам проектинин» катышуучусу катары анын ишке ашуу жараянын, хадистердин топтоо этабы, методдордун колдонулуш өзгөчөлүктөрү жана анын натыйжасында басылып чыккан жети томдук «Хадистерде Ислам» китеби тууралуу кеңири маалымат берди. Ошону менен бирге, жети томдук «Хадистер» китебин жана электрокдук китептердин топтомун АГИнин дин таануу факультетине белек кылды. ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары доц. док. Фархат Гөкчеге, декан С.Базаркулов тарабынан терең ыраазычылык айтып, Туркия Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда Ферхат агайдын салымы чон экендигине токтолуп, эки факультет арасындагы бирдикте иш алыпбаруу тажрыйбасын мындан ары да өркүндөтүү үчүн аракеттенээрин билдирди. Конференция окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна жооп берүү менен аягына чыкты.