АГИде биринчи курстун студенттерин кабыл алуу аземи

2015-10-26 17:43:24 3

2015-жылдын 22-октябрында АГИнин дин таануу факультетинин конференция залында биринчи курстун студенттерине студенттик билеттерин тапшыруу алтанаттуу аземи болуп өттү. Салтанаттын ачылышында институттун жетекчиси Р. Шамилов биринчи курстардын студенттерин куттуктады. Ошону менен бирге, дин таануу факультетинин учурдагы маанилүүлүгүн баса белгилеп, өлкөдө диний абалдын туруктуу болушуна дин таануу факультеттеринин чоң салым кошорун айтып өттү. Факультеттин деканы док. С.Базаркулов жана декандын орун басары А.Эрматов өз сөзүндө илим-билимдин маанисине токтолуу менен студенттерди талыкпай билим алууга үндөп, окууларына ийгилик каалады. Салтанатта 1-курстун студенттери өз таланттарын тартуулаган концерттик программа менен коштолуп тайпалар арасында КВН жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылды.