АГИнин окутуучусу доктордук даражасына ээ болду

2015-10-26 13:41:32 3

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Арашан гуманитардык институтунун Дин таануу факультетинин окутуучусу Себетов Жаркынбай Түркия Республикасындагы Мармара Университетинин Гуманитардык илимдер институтунда “el-Fetâva’s-Sirâciyye Adlı Eseri Çerçevesinde Ali b. Osmân el-Ûşî’nin Fıkıh İlmindeki Yeri” (ал-Фатавас-Сиражиййа аттуу эмгегинин негизинде Али б. Усман ал-Ушийдин фыкх илиминдеги орду) деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактап, теология илимдеринин доктору деген илимий даражага (PhD) ээ болду. Доктордук даражасын алуусу менен Себетов Жаркынбай агайды институттун жалпы жамаатынын атынан куттуктап, чың ден соолук, кажыбас кайрат жана мындан аркы илимий иштеринде дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!