АГИде конференция

2015-10-14 12:43:29 4

Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин конференция залында дин социологиясы боюнча илимдин доктору, Ислам илимий изилдөө институтунун директору, Маметбек Мырзабаев «Кыргызстанда жана дүйнөдө экстремизм коркунучу» деген темада конференция өткөрдү. Конференцияда азыркы учурдун актуалдуу маселелеринин бирине айланган Салафийлик агымынын келип чыгышы жана анын идеологиясы тууралуу кеңири маалымат берди. Мындан тышкары, дүйнөдөгү экстремисттик кыймылдар жана алардын дүйнө коомчулугуна, анын ичинде Кыргызстандагы диний абалга тийгизген таасири тууралуу сөз кылды. Ошондой эле, Кыргызстанда тынчтыктын, туруктуулуктун жана коопсуздуктун сакталышында илим-билимдүү адистердин, айрыкча дин таануучулардын орду жана ролу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. Конференция студенттердин суроо-жооптору менен аягына чыкты.