2015-10-02 11:33:00 4
Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтүнүн жана Билим берүү жана илим Министрлигинин буйругунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрында Арашан гуманитардык институтунун Дин таануу факультетинде «Сирия конфликти жана анын Кыргызстандагы таасири» аттуу темада жыйын болуп өттү. Жыйын башында дин таануу факультетинин деканы С.Базаркулов Чүй облусунун МУКК кызматкерин катышуучуларга тааныштырып, жыйында Сирия жана Ирак мамлекеттеринде болуп жаткан коогалан, анын өлкөбүзгө таасири, азыркы учурда жакынкы чыгышта пайда болгон «Ислам мамлекети» аттуу уюмун террористик жана экстремистик деп таанылган жана туура эмес багыттагы диний агымдар боюнча түшүндүрүү-эскертүү, диний кастыка жол бербөө боюнча суроолор карала тургандыгын айтты. МУКК Чуй облусу боюнча Башкармалыгынын кызматкери Бейшеев М. «Сирия конфликти жана анын Кыргызстанда таасири» темасында лекцияны окуп, азыркы мезгилде Чуй облустунда динний экстремисттик жана салтту эмес багыттагы диний уюмдардын жашыруун жайылып жаткандыгы, кыргыз атуулдары, өзгөчө жаштар «джихад» түшүнүгүн туура эмес түшүнүшүп, Сирия сыяктуу жакынкы чыгыштагы чет өлкөлөргө кетүү көйгөйү тууралуу маалымат берди. Исламды жамынып, динге туура келбеген кылымыш кылган, радикал-экстремистик идеяларды жайылткан диний агымдарга токтолду. «Ислам мамлекети», «Джабхат ан Нусра», «Хизбут-Тахрир», ошондой эле 2012-жылы сот тарабынан салафий багыттады джихад-такфиристик «Жайшуль Махди», «Джунд аль Халифат», «Ансаруллох» («Ансару Аллах») жана «Ат-Такфир Валь-Хиджра» уюмдары террористик жана экстремистик деп табылып, алардын ишмердүүлүгүнө республиканын аймагында тыюу салынган жана Кыргыз Респубикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык мыйзам боюнча териштирелерин жана жоопко тартылаарын айтып өттү. Бейшеев М.А. катышуучуларга кайрылып, жогоруда айтылган терс корунуштордун жана тыюу салынган уюм мүчөлөрүнүн ишмердүүлугү байкалып калса, мугалимдерге жана укук коргоо органдарына билдирип коюуну суранды. Жыйын аягында, суроо-жооптон кийин декан С. Базаркулов катышуучуларды жогоруда көргөзулгөн террорчул, динний экстремистик жана радикалдык уюм-агымдардан алыс болуп, биргеликте үзгүлтүксүз аракет кылуу гана жакшы жыйынтык берет деп белгиледи.