2015-09-01 14:33:40 5
1-сентябрь билим күнүнө карата Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде окутуучулар жамааты жана студенттеринин катышуусунда “Билим күнүнө” карата жыйын болуп өттү. Алгач жаныдан студент болуп кабыл алынган студенттерди жана Эгемендүүлүгүбүздүн 24 жылдыгы менен Арашан гуманитардын институтунун жетекчилери, доцент Т.А. Жоробеков, Р.Ш. Шамилов, Октай Четин жана декан С.Ө. Базаркулов, декандын орун басары А.Т. Эрматов куттуктап сөз сүйлөшүп, дин таануу адистиги негизи татаал жана бүгүнкү күндө да дүйнөдө динге байланышкан маселелер актуалдуу болуп жаткандыгын айтышып, студенттерге өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн талбай билим алуусун белгилеп, алдыдагы окууларына ийгилик каалашты.