Арашан гуманитардык институтуна ТИКА тарабынан компьютердик техникалык каражаттар берилди

2015-06-02 11:04:37 4

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнь дүйшөмбү күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде заманбап компьютерлер менен жабдылган эки компьютердик лабораториянын ачылышы болду. Компьютердик лабораториялар Түрк Кызматташтык жана өнүктүрүү Башкармалыгынын (ТИКА) Бишкек өкүлчүлүгү тарабынан камсыздалды. Ошондой факультетке акыркы үлгүдөгү заманбап компьютерлерден тышкары видеопроектор, заманбап телевизор, принтерлер жана ксерокопия аппараты белеке берилди. Ачылыш салтанатына Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч, Түрк Кызматташтык жана өнүктүрүү Башкармалыгынын (ТИКА) Бишкек өкүлчүлүгүнүн координаторунун милдетин аткаруучу Осман Жан Үрел, Арашан гуманитардык институтунун жетекчилери Т. Жоробеков, Р. Шамилов, Октай Четин, С.Базаркулов жана факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты. Элчи Метин Кылыч мырзанын ачылыш салтанатында сүйлөгөн сөзүндө ТИКАнын бул белеги окуу жайдын билим берүү ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана дасыккан адистерди жетиштирүүдө чоң өбөлгө болуу менен бирге эки өлкөнүн достугун бекемдөө багытында да маанилүү экендигин баса белгилеп өттү. Белегиңер кут болуп, Кыргызстан үчүн пайдалуу адистерди жетиштире бериңиздер урматтуу Арашан гуманитардык институтунун жамааты жана студенттери!