2015-05-22 12:33:13 3
2015-жылдын 21-май бейшемби күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Программанын ачылышында институттун директорунун тышкы иштер боюнча орун басары Октай Четин, факультеттин деканы доц.док. Сайфулла Базаркулов, декандын окуу иштери боюнча орун басары доц. Арин Эрматов жана бүтүрүүчү курстун куратору Сабыр Боронбаевдер куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Программанын жүрүшүндө үч жыл бою түрк тилинен сабак берип, мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Түркияга кетип жаткан окутуучу Мухиттин Пекташка да каалоо тилектер айтылып, факультет тарабынан ардак грамота берилип, ак калпак жана чапан кийгизилди. Андан кийин факультеттин бүтүрүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн «Асыл кенч» коомдук фондунун мүдүрү Саламов Салимбай коомдун «жаңы мүчөлөрүн» куттуктап, ар бирине Куран жана Негизги диний маалыматтар китебин белекке берди. Өз кезегинде ата-энелер да сөз алып, окутуучуларга ыраазычылыгын билдирип, бардык бүтүрүүчүлөрдү куттукташты. Кече студенттердин даярдаган концерттик программа менен коштолду.