Муратаалы ажы Жумановдун элесине карата өткөрүлгөн мелдеш

2015-05-21 18:48:55 4

Үстүбүздөгү жылдын 17-майында Бишкек шаарында диний уюмдар жана окуу жайлардын ортосунда жыл сайын Муратаалы ажы Жумановдун элесине карата өткөрүлүп туруучу спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Баардыгы болуп 14 команда катышкан бул мелдеште Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттик командасы 1-орунга чыгып, мелдештин кубогуна жана грамота, акчалай сыйлыгына ээ болду. Кара-Балтанын Куран нуру ислам институтунун командасы 2-орунга татыса, ошол эле Кара-Балтанын Азирети Усман атындагы медресенин командасы 3-орунга чыкты. Мындан тышкары, Аттокур уулу Сапаралиге мыкты коргоочу наамында грамота менен сыйлыктар тапшырылды. Белгилеп кетүүчү нерсе спорттук мелдештин уюштуруучусу жана демөөрчүсү «Асыл Кенч» коомдук фонду болду.