2015-05-21 18:15:49 2
2015-жылдын 9-майында Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата Аламүдүн району боюнча спорттун волейбол түрүнөн Арашан айылында мелдеш уюштурулду. Мелдешке катышкан командалар ортосунда катуу таймаш болуп, жыйынтыгында 1-орунга Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн курама командасы, 2-орунга Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттеринен түзүлгөн команда, 3-орунга Кой-Таш айыл өкмөтүнүн курама командасы чыкты. Мелдештин аягында жеңишке жетишкен командаларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.