АГИнин кафедра башчысы К.Айдарбеков тренингке катышып келди

2015-05-15 14:34:36 2

Үстүбүздөгү жылдын 13-майында Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы жана «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан «Модель Организации Исламского Сотрудничества» аттуу тренинг өттү. Ал треннигде үч комитет иштеди: Экономика жана соода маселелери боюнча: «КИУ мамлекет мүчөлөрүнүн банк системасында ислам принциптерин киргизүү», КИУ мамлекеттеринин тышкы иштери боюнча: «ИГИЛ», маалымат жана маданий маселелери боюнча: «Шарль Эбдо жана Исламда сөз эркиндиги». Айдарбеков Кубаныч «Казакстанда Шарль Эбдо маселесинин колго алынышы жана Ислам» деген темада доклад окуп, эң жакшы делегат наамына жана 1500 сомдук баадагы китеп сертификатына ээ болду.